Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүндө кайсы бир кинотасмаларга, китептерге жана ырларга тыюу салынабы?

Жахабанын Күбөлөрүндө кайсы бир кинотасмаларга, китептерге жана ырларга тыюу салынабы?

 Жок, тыюу салынбайт. Биздин уюмда кайсы кинотасманы көрбөшүбүз керектиги, кайсы китепти окубашыбыз керектиги же кайсы ырды укпашыбыз керектиги айтылбайт. Эмне үчүн? Мунун айрым себептерине көңүл бурсаңар.

Ыйык Китеп биздин ар бирибизди акылыбызды «жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырууга» үндөйт (Еврейлер 5:14).

Ыйык Китепте Кудайдын ар бир кызматчысы көңүл ачуунун кайсы бир түрүн тандап жатканда эске алышы керек болгон принциптер бар a. Андан тышкары, биз жашообуздун кайсы тармагында болбосун, «Теңирге эмне жагарын баамдап билүүгө» умтулабыз (Эфестиктер 5:10).

Ыйык Китепте үй-бүлө башчыларынын өздөрүнүн үй-бүлөсүнө бийлик кылууга укуктуу экени айтылган. Ошондуктан үй-бүлө башчысы үйүндөгүлөрүнө көңүл ачуунун белгилүү бир түрүнө тыюу сала алат (1 Корунттуктар 11:3; Эфестиктер 6:1—4). Бирок өзүнүн үй-бүлөсүнөн башкаларга кайсы бир кинотасманы көрүүгө, кайсы бир ырды угууга же кайсы бир китепти окууга тыюу салганга эч кимдин акысы жок (Галатиялыктар 6:5).

a Мисалы, Ыйык Китепте сыйкырчылыкка, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка, зордук-зомбулукка байланышкан нерселердин баарына тыюу салынат (Мыйзам 18:10—13; Эфестиктер 5:3; Колосалыктар 3:8).