Мазмунун көрсөтүү

Эмне үчүн үймө-үй кыдырасыңар?

Эмне үчүн үймө-үй кыдырасыңар?

 Иса пайгамбар өзүнүн жолдоочуларына «бардык элдерден шакирт даярдоону» буйруган (Матай 28:19, 20). Ал алгачкы шакирттерине жакшы кабарды адамдардын үйүнө барып айтууну тапшырган (Матай 10:7, 11—13). Иса пайгамбар өлгөндөн кийин да, анын 1-кылымдагы жолдоочулары жакшы кабарды «эл алдында жана үймө-үй кыдырып» айта беришкен (Элчилер 5:42; 20:20). Биз анын 1-кылымдагы жолдоочуларынан үлгү алабыз жана үймө-үй кыдыруу жакшы кабарды адамдарга жеткирүүнүн эң жакшы жолу деп эсептейбиз.