Мазмунун көрсөтүү

Жашообузду жөнөкөйлөтүүнү чечтик

Жашообузду жөнөкөйлөтүүнү чечтик

 Мадиан менен Марсела Колумбиядагы Медельин шаарында эч нерседен кем болбой, бардар жашашчу. Мадиан көп акча тапкандыктан, жубайы менен заңгыраган үйдө турушчу. Бирок алар бир нерседен улам Жахабанын кызматчылары катары жашоосунда эмне биринчи орунда турары жөнүндө ойлонууга түрткү алышкан. Алар мындай деп айтып беришкен: «2006-жылы „Көзүңөрдү жөнөкөй сактагыла“деген бир күндүк атайын жыйынга барганбыз. Баяндамалардын көбүндө Кудайга көбүрөөк кызмат кылыш үчүн жашообузду жөнөкөйлөтүшүбүз керектиги баса белгиленген. Жыйындан келгенден кийин баарын тескери кылып жүргөнүбүздү түшүндүк. Акчабыз жетпесе деле, бир нерселерди сатып алууну адат кылып алгандыктан, карызыбыз толуп кеткен».

 Рухий жактан ойготкон ал жыйындан кийин Мадиан менен Марсела жөнөкөй жашай башташкан. Алар мындай дейт: «Биз чыгымдарыбызды азайта баштадык. Кичирээк үйгө көчүп бардык, машинебизди сатып, ордуна мотоцикл алдык». Алар бир нерсе алууга азгырылбаш үчүн, соода борборлоруна барбай калышкан. Ошондой эле кошуна-колоңдоруна Ыйык Китеп жөнүндө айтып берүүгө көбүрөөк убакыт бөлө башташкан. Андан тышкары, Жахаба Кудайга атайын пионер болуп ынталуу кызмат кылгандар менен достошо башташкан a.

 Кудайга көбүрөөк кызмат кылыш үчүн Мадиан менен Марсела көп өтпөй айыл жергесиндеги кичинекей жыйналышка көчүп барышкан. Ан үчүн Мадиан жумушунан кетүүнү чечкен. Жумуш жетекчиси анын ушундай жакшы жумуштан кетип жатканын түшүнө албай, акылынан айнып калган го деп ойлогон. Мадиан андан: «Сиз аябай көп акча табасыз, бирок өзүңүздү бактылуу деп эсептейсизби?» — деп сураган. Ал чече албай жаткан көптөгөн көйгөйлөрү бар экенин айтып, бактысыз экенин моюнга алган. Мадиан ага мындай деген: «Канча акча табарыбыз жашоодо эң маанилүү нерсе эмес. Сизди чындап бактылуу кыла турган нерсени табуу маанилүү. Адамдарга Кудай жөнүндө айтып берүү жубайым экөөбүздү бактылуу кылат, ошон үчүн бул ишке көбүрөөк убакыт жумшагыбыз келет».

 Мадиан менен Марсела Кудайга кызмат кылууну биринчи орунга койгондуктан, жашоосу маңызга толуп, чыныгы бакытка ээ. Акыркы 13 жылдан бери алар Колумбиянын түндүк-батышында муктаждык чоң жыйналыштарда кызмат кылууда. Азыр алар атайын пионер катары кубанычтуу кызмат кылып жатышат.

a Атайын пионерлер Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалы тарабынан белгилүү бир жерге толук убакыт кабар айтуу үчүн дайындалышат. Аларга күнүмдүк чыгымына чакан жөлөк пул берилет.