Мазмунун көрсөтүү

Марони дарыясын бойлой кабар айтуу

Марони дарыясын бойлой кабар айтуу

Шаардын ызы-чуусунан алыс жерде, Түштүк Америкадагы Амазонка нымдуу токоюнда, ар кандай уруулар, ар кайсы тилде сүйлөгөн, ар кайсы улуттан болгон элдер отурукташкан. 2017-жылдын июль айында 13 Жахабанын Күбөcү Марони дарыясынын жогору жагында, ошондой эле ал дарыянын Француздук Гвианасындагы чыгыш куймаларын бойлой жайгашкан аймактарга бет алышкан. Алардын максаты кандай болгон? Жахабанын Күбөлөрү ошол жактарда жашаган адамдарга Ыйык Китептеги үмүт берерлик кабарды жеткирүүнү көздөшкөн.

Даярдык көрүү

12 күнгө созулган ал саякат башталганга чейин, кабар айтууга жөнөй тургандардын баары атайын жолугушууга катышкан. «Биз ал жолугушуудан ошол аймак жана анын тарыхы жөнүндө билдик. Ошондой эле сапарга чыкканга чейин кантип даярдык көрүшүбүз керектигин талкууладык»,— деп эскерет Уинсли. Алардын ар бирине асма керебет менен москиттен коргой турган торду салып алыш үчүн суу кирбей турган идиш берилген. Барчу жерине жетиш үчүн аларга эки жолу учакка отурууга, чакан кайыктар менен бир канча саат жол жүрүүгө туура келген.

Клоуд менен Лизетт

Бул ишке катышууга чакырылгандар кандай сезимде болушкан? Жашы өр тартып калган Клоуд менен Лизетт ушундай мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, дароо эле макул болушкан. «Мен кубанычым койнума батпай сүйүндүм, бирок бир аз корктум,— дейт Клоуд.— Анткени дарыяда суунун шар агымдары болуп турарын көп эле укчумун». Ал эми Лизетт аны тынчсыздандырган нерсе тууралуу кеп кылып: «Америнд тилинде сүйлөй алат болдум бекен деп ойлонгом»,— дейт.

Сапарга чыккандардын дагы бири Микаел да ушундай сезимде болгон. Ал мындай дейт: «Уаяна уруусу жөнүндө көп деле билчү эмеспиз. Ошондуктан Интернетке кирип, ал уруу тууралуу изилдеп көрдүм. Анан алардын тилинде бир нече сөз жаттап, учурашканды үйрөнүп алдым».

Бул ишке жолдошу Иоанн менен чогуу катышкан Ширли дарыяны бойлой жайгашкан аймактардагы элдер сүйлөгөн тилдердин тизмесин түзүп алган. Ал: «Биз ошол тилдердин көбүндө чыккан видеотасмаларды жүктөп алдык. Ошондой эле уаяна тилинде негизги сөздөрдү үйрөткөн китепти да алып алдык»,— дейт.

Америнд эли жашаган аймакка жетүү

4-июлда, шейшемби күнү, сапарга чыккан топ Сен-Лоран-дю-Марониден учакка отуруп, Марипасулага, Француздук Гвианадан орун алган чакан шаарга, учуп барышкан.

Андан кийинки төрт күн бою «пирога» деп аталган моторлуу кайыктар менен сүзүп отуруп алар Марони дарыясынын жогорку куймаларын бойлой жайгашкан кыштактарга жетишкен. Ал топтогулардын бири Роланд мындай деп ой бөлүшөт: «Америнд элинин Ыйык Китепте жазылгандарга аябай кызыгышарын байкадык. Алар көптөгөн суроолорду беришти. Айрымдары болсо алар менен Ыйык Китепти изилдешибизди суранышты».

Бир кыштактан Иоанн менен Ширли жакында эле туугандарынын бири өз жанын кыйган жубайларга жолугушкан. «Биз аларга „Жараткан Кудайдын ким экенин таанып-билген индей“ деген видеону көрсөттүк,— дейт Иоанн.— Видеону көргөндө ал жубайлардын жүрөгү козголду. Алар биз менен байланышып тургусу келгендиктен электрондук дарегин беришти».

Эң алыскы аймактардын бири Антекуме Пата болгон. Кыштактын башчысы чарчап турган Жахабанын Күбөлөрүнө ошол аймактагы бир жерге асма керебетин байлап, эс алып алганга уруксат берген. Ошондой эле алар, ошол жактын тургундарындай эле, дарыяга түшүп, жуунуп алышкан.

Андан кийин ал топ Твенки деген айылга сүзүп кетишкен. Ал жердин тургундары жакын адамынан айрылып, аза күтүп жатышыптыр. Сапарды уюштургандардын бири Эрик мындай дейт: «Ошол уруунун башчысы бизге айылды кыдырып, күйүт тартып жаткандарды сооротууга уруксат берди. Ал уруу башчысы менен анын жубайына уаяна тилиндеги Ыйык Китептен аяттарды окуп берсек, аябай ыраазы болушту. Аларга тирилүү жөнүндөгү видеолорду да көрсөттүк».

Гранд-Санти шаарына жана Апатоу кыштагына сапар тартуу

Кабар айтууга чыккан топ Марипасуладан учак менен жарым саатта жетсе боло турган Гранд-Санти шаарын көздөй сапар тартышкан. Шейшемби, шаршемби күндөрү алар жергиликтүү элге Ыйык Китептеги кабарды айтышкан. Бейшемби күнү болсо Марони дарыясы менен төмөн көздөй беш жарым саат жол жүрүп, Апатоу кыштагына барышкан.

Марипасула менен Гранд-Сантинин ортосунда жайгашкан Марони дарыясы жана Амазонка нымдуу токою

Сапардын акыркы күндөрүндө ал топ марондордун токойлуу кыштактарына бет алган. Марондор — кошуна жайгашкан Суринамдагы колониялык доордо Түштүк Америкага алынып келген африкалык кулдардын тукумдары. Жахабанын Күбөлөрү ал жакта жашагандардын ар бирин токойго атайын тигилген чоң чатырдагы жолугушууга чакырышкан. «Ушунчалык көп кишинин келгенин көргөндө жүрөгүбүз кубанычтан толкуп чыкты,— дейт Клоуд.— Анткени биз аларды эртең менен эле чакырган болчубуз!» Мындай сапарга биринчи жолу чыккан Карстен «Жашоо ушуну менен эле бүтөбү?» деген аталышта жалпыга арналган баяндама айткан. Ошентип, ал жолугушууга ар кайсы кыштактардан 91 киши келген.

«Биз кайра барганга даярбыз!»

Акыры, алар Сен-Лоран-дю-Марониге кайтып келишкен. Ал топтогулар барган жерлериндеги адамдардын жакшы кабарга кулак кагып, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган көптөгөн адабияттарды алып калышканына, аларга бир топ видео көрстө алышканына сүйүнүп, жүрөгү кубанычка толуп кайтып келишкен.

«Ушул сапарга чыкканыма канчалык кубанып жатканымды сөз менен айтып жеткире албайм»,— дейт Лизетт. Ал эми Синди: «Дагы бир жолу ушундай мүмкүнчүлүк болсо, жан деп эле макул болмокмун. Мындай кубанычты өзүң сезип көргөндө гана толук түшүнө аласың»,— деп бөлүшөт.

Бул сапар алардын айрымдарынын ошол жактарга кайтып барууга болгон каалоосун жандырган. «Биз кайра барганга даярбыз!» — дейт Микаел. Ал эми Уинсли Сен-Лоран-дю-Марониге көчүп кеткен. 60тан ашып калган Клоуд менен Лизетт болсо Апатоу кыштагына көчүп барууну чечишкен.

Клоуд менен Лизетт

Марипасула менен Гранд-Сантинин ортосунда жайгашкан Марони дарыясы жана Амазонка нымдуу токою