Мазмунун көрсөтүү

Суроолоруна жооп алган дин кызматчы

Суроолоруна жооп алган дин кызматчы

 Жахабанын Күбөсү болгон Элиса бир аял менен анын үйүндө ыйык китептик изилдөө өткөрүп жаткан болчу. Бир убакта күтүлбөгөн жерден бирөөлөр келип калган. Алар дин кызматчы менен анын аялы экен. Көрсө, алардын жалгыз уулу жакында эле кайтыш болуп калыптыр.

 Элиса чын жүрөктөн көңүл айтып баштаганда, дин кызматчы менен анын аялы өксүп ыйлай башташкан. Анан дин кызматчы: «Эмне үчүн Кудай башыма ушундай мүшкүл түшүрдү? Эмне үчүн жалгыз уулумду алып кетти? Кудайга 28 жылдан бери кызмат кылып келатам, канча жакшылык кылдым. Анын мага кайтарганы ушулбу? Эмне үчүн Кудай менин уулумду өлтүрүп салды?» — деп зар какшаган.

 Ошондо Элиса Кудайдын алардын уулун алып кетпегенин түшүндүрүп берген. Ал андан ары кун, тирилүү жана Кудайдын жамандыкка эмне үчүн жол берип жатканы жөнүндө да айтып берген. Дин кызматчы менен анын аялы жооп алууну көксөп келген суроолоруна Элисанын жооп бергенин айтышкан.

 Кийинки жумада дин кызматчы менен аялы Элиса изилдеп жаткан аялдын изилдөөсүнө катышышкан. Элиса аны менен «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебинин «Өлгөн жакындарыбыз үчүн кандай үмүт бар?» деген темасын изилдеп жаткан болчу. Жубайлар талкууга жигердүү катышышкан.

 Кийинчерээк алар Грузиянын борбор шаары Тбилисиде өткөн Жахабанын Күбөлөрүнүн атайын жыйынына катышып, алардын ортосунда өкүм сүргөн күчтүү сүйүүгө жана биримдикке абдан таасирленишкен. Алар чиркөөсүнүн мүчөлөрүнө ошол сапаттарды өрчүтүүгө көптөн бери түрткү берип келатышыптыр. Бирок аракетинен эч майнап чыкпаптыр.