Мазмунун көрсөтүү

2-ДЕКАБРЬ, 2019
ТОГО

Тогодо суу каптады

Тогодо суу каптады

2019-жылы узакка созулган жаан-чачындуу мезгилде катуу жандандан улам Тогонун Ломе деген шаарын суу каптады. Анын кесепетинде жети жыйналыштагы 257 жарчы жабыр тартты. Учурда кырсыктан зыян тарткандарга жардам көрсөтүлүүдө.

Сел жүргөн айрым аймактарда суунун деңгээли 1 метрге чейин көтөрүлүп, 51 ишенимдешибиз башка жакка качууга аргасыз болду. Алар кошуна жашаган ишенимдештериникинде баш калкалашууда.

Кырсыктын кесепетинде кээ бир жерлерде таза суу булганган. Тогодогу кабар айтуу ишин жетектеген Бениндеги филиалдын комитетинин жетекчилиги алдында райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар жабыр тарткандарды зарыл нерселер менен камсыз кылууда. Алсак, ал аймактарга суу тазалоочу таблеткалар, дезинфекциялоочу каражаттар жана хлор жөнөтүлгөн.

Бир-бирин жан-дилден сүйүп, жанын аябай колдоо көрсөтүп жаткан ишенимдештерибизге Жахаба батасын бере берсин деп тиленип турабыз (Жакан 13:34, 35).