Мазмунун көрсөтүү

Министрдин орун басары Клаудио Ромеро (солдо) Аргентинадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Мигел Пучеттиге (оңдо) ардак грамотасын тапшырууда

31-ДЕКАБРЬ, 2019
АРГЕНТИНА

Буэнос-Айрестин бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнө ардак грамотасын тапшырды

Буэнос-Айрестин бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнө ардак грамотасын тапшырды

Буэнос-Айрестеги мыйзам чыгаруучу органдын өкүлдөрү 2019-жылы алардын шаарында өткөрүлгөн эл аралык жыйынды коомдук, маданий жана диний иш-чара деп табышты. Алар ишенимдештерибизге 2019-жылдын 12-декабрында жыйынга байланыштуу өткөрүлгөн пресс-конференцияда ардак грамотасын ыйгарышты. Ал грамотада жыйындын маанилүү иш-чара болгону баса белгиленген.

Бийликтин эки өкүлү Клаудио Ромеро менен Федерико Пуглизи Жахабанын Күбөлөрүн Буэнос-Айресте жүргүзгөн иши үчүн мактаган. Клаудио Ромеро мындай деген: «Диний баалуулуктарыңар үчүн жана биздин коомдун тынчтыгына, биримдигине кошкон салымыңар үчүн силерди мактагым келет. Диниңерге абдан суктанам, анткени ишиңерди жан-дилиңер менен, берилип аткарасыңар. Башкаларды окутуп-үйрөтүп жатканда чагылдырган сүйүүңөр, ынандырарлык сүйлөгөнүңөр суктандырбай койбойт». Ал эми Федерико Пуглизи мындай деп ой бөлүшкөн: «Силер бүгүн „Сүйүү эч качан жок болбойт!“ деген аталышта жыйын өткөрүп жатасыңар. Сүйүүгө жетектелгендиктен силердин ал сапатты жыйын өткөрүлгөн күндөрү эле эмес, күндөлүк турмушуңарда да көрсөтөрүңөрдөн шектенбейм».

Ооба, ишенимдештерибиз башкаларга көрсөткөн сүйүүсү үчүн ушундай мактоо сөздөрүн угушту. Бирок биз эл оозуна алыныш үчүн эмес, сүйүүнүн Булагы болгон Жахаба Кудайыбызды даңктап-макташ үчүн сүйүү көрсөтөбүз (1 Жакан 4:8).