Израилдеги тарыхый окуялар
1-МАЙ, 2015. Жогорку сот Жахабанын Күбөлөрүнүн Раанана шаарында эч зыяны жок жолугушууларын өткөргөнгө укуктуу экенин ырастаган
КӨБҮРӨӨК ОКУУ
5-ФЕВРАЛЬ, 2007. Башкы прокурордун колдоосу менен сот Хайфа эл аралык конгресс борбору имаратын Жахабанын Күбөлөрүнө ижарага берүүдөн баш тартып, аларды басмырлаган деген чечим чыгарган
1990-жылдардын аягы. Жүйүт диний активисттери Жахабанын Күбөлөрүнө зордук-зомбулук көп көрсөтө баштаган
7-СЕНТЯБРЬ, 1992. Башкы прокурордун чечиминен кийин Райондук апелляциялык комиссия Жахабанын Күбөлөрүнө Тель-Авивдеги Падышалык залын колдонууга тыюу салууга байланыштуу чечимин жокко чыгарган
15-НОЯБРЬ, 1963. Өкмөт Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жагын, «Күзөт мунарасы» жана баракчалар коомун каттаган
1-ЯНВАРЬ, 1963. Жахабанын Күбөлөрү Хайфада филиал уюштурушкан, кийинчерээк ал Тель-Авивге көчүрүлгөн
1920. Улуу Британиянын Жакынкы Чыгыштагы мандаты учурунда Жахабанын Күбөлөрү биринчи жыйналышын уюштуруп, ишин көзөмөлдөө үчүн кеңсесин түзүшкөн