Мазмунун көрсөтүү

19-ИЮЛЬ, 2019
ИСПАНИЯ

Тарыхий окуя: Жахабанын Күбөлөрү испан тилинде «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышын чыгарышты

Тарыхий окуя: Жахабанын Күбөлөрү испан тилинде «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышын чыгарышты

2019-жылдын 19-июлунда Испаниянын Мадрид шаарында өткөрүлгөн «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйындын биринчи күнүндө көптөн күткөн «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышынын жарык көргөнү кулактандырылган. Ал басылыш jw.org® сайтына салынды. Эми аны дүйнө жүзү боюнча испан тилинде сүйлөгөн 2,5 миллиондон ашуун ишенимдешибиз окуй алат же жүктөй алат. Испан тили Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан эң эле көп жарчы сүйлөгөн тил болуп саналат a.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Геррит Лёш Ыйык Китептин жарык көргөнүн алдын ала жаздырылган видео аркылуу Мадриддеги эл аралык жыйын өткөн «Ванда Метрополитано» деген стадиондо кулактандырган. Ал видео Испаниянын дагы 11 жерине бир учурда трансляцияланган. Кулактандыруудан көп өтпөй эле видео JW телеберүүсүнө® салынган.

Испан тилиндеги Ыйык Китептин жарык көргөнүнө сүйүнүп жаткан бир туугандар

Эл аралык жыйын өткөн жайда Ыйык Китепти jw.org сайтынан EPUB, JWPUB же PDF форматтарда кантип жүктөп алса болоруна байланыштуу көрсөтмөлөр берилген. Программаны 11 жерде трансляция аркылуу уккандар электрондук каражаттарын атайын Жахабанын Күбөлөрү тарабынан жаратылган «JW Box» хот-спот (Wi-Fi) түйүнүнө байланыштырып, Ыйык Китепти жүктөп алышкан. Эл аралык жыйын өткөн жайдагы жана программа трансляцияланган жерлердеги 1 200дөн ашуун ыктыярчы жыйынга келгендерге Ыйык Китептин кайра каралган басылышын жүктөп алууга жардам беришкен.

Ишенимдештерибиз «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышын электрондук каражаттарына жүктөп жатышат

Дүйнө жүзү боюнча испан тилинде сүйлөгөн Жахабанын Күбөлөрү ушунчалык көп болгондуктан, Ыйык Китепти испан тилине которуу оңой-олтоң иштерден болгон жок. Испаниядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Педро Гил бир тууган мындай дейт: «Дүйнө жүзү боюнча испан тилинде сүйлөгөн 577 миллион киши бар. Ар кайсы өлкөдө ал тилдеги сөздөрдүн, сөз айкаштарынын мааниси ар кандай. Анын үстүнө, акыркы он жылдыктарда испан тили бир топ өзгөрдү».

Ыктыярчы бир тууганыбыз улгайган бир тууганга жаңы жарык көргөн Ыйык Китепти жүктөгөнгө жардам берип жатат

Котормо тобуна так, окуганга оңой котормо жаратууга ар кайсы өлкөдөгү 100дөй бир тууган жардам берип, өз сунуштарын айтып турушту. Бүтүндөй долбоорду ишке ашырууга төрт жарым жылдай кетти.

Педро бир тууган мындай деп кошумчалайт: «Азыркы эл сүйлөгөн испан тилиндеги „Жаңы дүйнө котормосунун“ кайра каралган басылышында баары түшүнө алган сөздөр колдонулду. Мунун аркасында жарчылар кызматта да, жолугушууларда да аны оңой колдоно алышат. Бул котормонун испан тилинде сүйлөгөн бир туугандарыбызга Жахабага жакындоого жардам берерине үмүттөнөбүз».

Биз Жахабага анын ысмын даңазалай турган котормо жаратууга жардам бергенине аябай ыраазыбыз. Ыйык Китептин бул басылышы Жахабанын Күбөлөрүнө «жердин учу-кыйырына чейин» жакшы кабарды мындан ары да жарыялай бергенге көмөк кыларына бекем ишенебиз (Элчилер 1:8).

a Бул Ыйык Китептин кагаз түрүндөгүсүн ушунчалык көп нускада басып чыгаруу талап кылынгандыктан, алар жыйын өткөн жерде таратылган эмес. Анткен менен алар басылып чыгарылары менен дүйнө жүзү боюнча испан тилиндеги жыйналыштарга жөнөтүлөт. Бул басылыш JW Library® тиркемесине 22-июлда салынат.