Мазмунун көрсөтүү

11-МАРТ, 2021
КОШМО ШТАТТАР

Кат жазуу дагы деле жакшы натыйжа берүүдө

Кат жазуу дагы деле жакшы натыйжа берүүдө

 Көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү кат аркылуу кабар айтып кубаныч алып жатышат. Кошмо Штаттарда болгон окуялар көрсөтүп тургандай, бул Ыйык Китептеги соороторлук кабарды таратууга сонун шарт түзүүдө.

Карли Рагглс апасы экөө катка жазыш үчүн аят издеп жатышат

 13 жаштагы Карли Рагглс Огайо штатындагы Блу Аш шаарында жашайт. Анын жазган каттарынын бирине бир киши ал күтпөгөндөй жооп жазган. Ошондо Карли кат адамдарга канчалык күчтүү таасир этиши мүмкүн экенине ынанган.

 Бир күнү түштөн кийин Карли эшигинин алдында жүргөндө, мотоциклчен бир киши анын үйүн көздөй келген. Ал мотоциклин токтотуп, анан катты көрсөтүп: «Бул катты мага ким жиберди эле?» — деп кыйкырган. Карли аны көргөндө өзү жазган каттардын бири экенин тааныган.

 Карлинин ата-энеси шаша-буша эшикке чуркап чыгышкан. Карли эч коркпостон тиги кишиге: «Ал катты мен жибергем»,— деп жооп берген.

 Ошондо ал киши: «Сенин катыңда так мага керектүү нерселер жазылыптыр!» — дегенде, Карли да, анын ата-энеси да таң калып калышкан. Анан ал киши катта жазылган маалымат аны канчалык сооротконун айтып берген. Көрсө, пандемиянын айынан жалгыздыктан кыйналып жүрүптүр. Ошондой эле жакында эле бир тууганы каза болуп калганын, Карлинин каты күйүт тартып жаткан учурда аны кайраттандырганын айткан.

 Андан тышкары: «Кат жазганыңды токтотпо. Каттарыңа жооп береби же бербейби, алар адамдардын жүрөгүн козгойт»,— деп айткан.

 Ушунун аркасында Карли кат жазганга мурдагыдан да чечкиндүү болуп калган. «Кимдир бирөөнү жубатыш үчүн Жахабанын мени колдонгонуна аябай сүйүндүм. Биздин жазгандарыбыз чын эле бирөөнүн жүрөгүн козгошу мүмкүн экен»,— дейт ал.

Техас штатындагы Сентер шаарында жашаган Мирна Лопез

 Ал эми Техас штатындагы Сентер шаарында жашаган Мирна Лопез жазган каттары кимдир бирөөгө жардам берип жатат болду бекен деп ойлонуп жүргөн. Анан эле бир күнү кызыктуу окуя болгон. Мирна бир тууганынын баласы түрмөгө отуруп калганын угуп калган. Ал бала кичинекей кезинде жыйналыштарга барып жүрчү экен. Мирна бир тууганыбыз ага кат жазып, Жахабанын аны унутуп калбаганына ынандыргысы келген.

 Кызыктуусу, ал бала Мирнага жооп жазган. Ал санаага батып жүргөнүн, жашоосунун маңызы жоголгонун айткан. Түрмөгө түшүп калгандан кийин бала кезин эстеп, Ыйык Китепти окуй баштаптыр. Ошондой эле Жахабадан тиленип жүрүптүр. Мирнадан алган кат тилегине жооп болуптур. Ошондо ал Жахабанын ага дагы деле кам көрөрүнө ынаныптыр.

Жоржия штатынын Норкросс шаарындагы Натали Биббс

 Жоржия штатынын Норкросс шаарындагы Натали Биббс деген ишенимдешибиз да катына жооп алган. Анын катын чуркап жүргөн бир аял таап алыптыр. Ал жол жээкте бүктөлгөн каттын жатканын көрүп калган. Бирок чуркап өтүп кеткен. Анан кайра артка кайрылып келип, катты алган. Эмне үчүн кайрылып келгенин өзү да түшүндүрө албайт.

 Ал аял Наталиге: «Ошол жума аябай оор болгон. Мен жакшы бир нерсе болсо экен деп күтүп жаткам. Кат так ошол мен күткөн жакшы нерсе болду!» — деп жазган.

 Натали мындай деп бөлүшөт: «Катыма жооп келгенде, бир нерсеге ынандым: кабар айтыш үчүн кандай ыкманы колдонбойлу, Жахаба жумшаган аракетибизге батасын берет экен».

 Эми Техас штатындагы Атенс шаарында турган Лаура Мартинездин окуясына көңүл буралы. Жергиликтүү дүкөндө иштеген жумушчулар анын машинесине азык-түлүктөрдү алып келип бергенде, ал аларга жазган каттарын берип турат. Ошол жумушчулардын бири Лаурага анын каты күчтүү таасир эткенин айткан. Ошондо Лаура ал аялга дагы эки кат жазган. Учурда ал экөө Ыйык Китепти изилдеп жатышат.

Техас штатындагы Атенс шаарында турган Лаура Мартинез азык-түлүк дүкөнүндө иштеген жумушчуга кат берүүдө

 Бул окуялардын баары бир нерсени эсибизге салып турат: сепкен үрөнүбүздүн «кайсынысы өнүп чыгарын» билбесек да, Жахаба кабар айтуунун кайсы ыкмасы болбосун, кой мүнөздүү адамдарды жубатып, үмүт бере алат (Насаатчы 11:6).