Мазмунун көрсөтүү

1-ОКТЯБРЬ, 2021
КОШМО ШТАТТАР

Матай китеби хмонг тилинде жарык көрдү

Матай китеби хмонг тилинде жарык көрдү

2021-жылдын 25-сентябрында Ыйык Китептин бир бөлүгү болгон «Матай жазган жакшы кабар» китеби хмонг тилинде электрондук форматта жарык көрдү. Бул тууралуу Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон онлайн жолугушууда кулактандырды. Ошол атайын программаны дүйнөнүн чар тарабында жашаган 2 500дөн ашуун киши уга алды.

Бул — хмонг тилинде жарык көргөн Ыйык Китептин эң алгачкы «Жаңы дүйнө котормосу». Хмонг тилинде дүйнө жүзү боюнча 4 миллионго жакын киши сүйлөйт a. Негизи, хмонг эли анимизмге жана шаманизмге ишенет.

1970-жылдары көптөгөн хмонгдор Тайланддагы качкындар лагерине качып барышкан. Акыр-аягы, алардын айрымдары батыш өлкөлөрүнө көчүп кетишсе, көпчүлүгү Кошмо Штаттарына отурукташып калышкан.

Бүгүнкү күндө АКШдагы хмонг эли көбүнчө Калифорния, Миннесота жана Висконсин штаттарында жашайт. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген адабияттарды хмонг тилине 2007-жылы которо башташкан. 2012-жылы Сакраментодо (Калифорния) алыскы котормо кеңсеси курулган.

Котормо тобу Матай китебин үч айдан ашыгыраак убакыттын ичинде которуп бүттү. Аларга котормону окуп-текшергенге беш өлкөдөгү бир туугандар жардам беришти.

Хмонг тилинин жазуусу 1950-жылдары гана пайда болгон. Андыктан бул тилдин атайын иштелип чыккан жазуу эрежелери жок. Ушундан улам бул долбоордун үстүнөн иштеп жатканда котормочулар өзгөчө кыйыкчылыкка туш болушкан.

Ыйык Китептин котормолору хмонг тилинде биринчи жолу 1980-жылдары пайда болгон. Бирок алар абдан кымбат болчу. Ошон үчүн элдин көпчүлүгү сатып ала алган эмес. Ошондой эле ал котормолордо так эмес жерлер көп болгондуктан, Ыйык Жазмадагы окууларды айкын түшүнүү кыйынга турган. Мисалы, алардын биринде Кудайдын ысымы — Жахаба деген ысым — хмонг элинин жомокторундагы каармандын аты менен алмаштырылган.

Бир котормочу мындай деген: «Эми Ыйык Китептин „Жаңы дүйнө котормосун“ өз эне тилинде окуган жүрөгү таза адамдар Жахабанын ысымын өздөрүнүн Ыйык Китебинен окуй алышат жана аны менен дос боло алышат. Биз бул жөнүндө көптөгөн жылдар бою тиленип келгенбиз, күтүп келгенбиз».

Окурмандар так жана түшүнүүгө оңой бул котормо үчүн аябай ыраазы болуп жатышат. Бир окурман мындай деп ой бөлүшкөн: «Матай китебин өз эне тилимде окуганда аябай таң калдым. Жүрөгүм ушунчалык козголуп, бир башкача сезимде болдум! Окугандарымдын баары көз алдыма тартылып, элестете алдым».

Матай китебинин хмонг тилинде жарык көрүшү Кудайыбыздын бет карама эмес экенин көрсөтүп турат. Анткени ал өз Сөзүн аны издегендердин баары окушун каалайт (Элчилер 10:34, 35).

a Хмонг элинин санын так аныктоо дээрлик мүмкүн эмес. Эсептөөлөргө ылайык, Кытайдын түштүгүндө болжол менен 2,7 миллиондой хмонг жашайт. Ал эми 1,2 миллиондою Вьетнамдын түндүгүндө, Лаосто, Таиландда жана Мьянманын чыгышында жашайт. 170 000ден ашууну Кошмо Штаттарда отурукташкан.