Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 14-ФЕВРАЛЬ
КОШМО ШТАТТАР

ГБИ Жахабанын Күбөлөрүнө табиятты эске алганы үчүн сыйлык ыйгарды

ГБИ Жахабанын Күбөлөрүнө табиятты эске алганы үчүн сыйлык ыйгарды

НЬЮ-ЙОРК. 2016-жылдын август айында Уориктеги (Нью-Йорк) башкы башкармалыгы курулуп бүткөндөн кийин, табият эске алынып курулганы үчүн, Жахабанын Күбөлөрүнө сыйлык берилди. Имараттардын табият эске алынып курулганына баа берип, сертификат тапшырган «Грин Билдинг Инишиатив» (ГБИ) уюму Жахабанын Күбөлөрүнө эң чоң сыйлык — «Төрт жашыл глобус» сыйлыгын — ыйгарды. Бул сыйлык алардын жети имаратынын баарына берилди.

ГБИнин коом менен байланышууга жооптуу башкы деректири Шейна Вайнштейн мындай деген: «Бүт өлкө боюнча бул долбоорго катышкан 965 имараттын 64ү гана „Төрт жашыл глобус“ сыйлыгына ээ болду. Ал эми Жахабанын Күбөлөрүнүн Уориктеги жети имаратынын баарына тең „Төрт жашыл глобус“ сыйлыгы ыйгарылганы көңүлгө аларлык. Бул алардын сууну, энергияны үнөмдөөгө жана табиятка зыян келтирбөөгө чоң маани бергенинен кабар берип турат».

Жашыл глобус түрүндө баа берүү системасы (ГБИ тарабынан берилген сүрөт). Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы жети имараттын жетөөнө тең 90 пайыздан кем эмес баа берилип, «Төрт жашыл глобус» сыйлыгына татыктуу болду.

Расмий веб-сайтындагы маалыматка ылайык, ГБИ — жаратылыш ресурстарын үнөмдөөгө өбөлгө түзгөн, адамдарга да, табиятка да терс таасир тийгизбеген курулуш ыкмаларын тездетүүнү көздөгөн — коммерциялык эмес уюм. Ал имараттардын табият эске алынып курулганына жана алардын колдонулушуна баа берет. ГБИнин туура баа бергенин тастыкташ үчүн курулуш жүрүп жаткан жерге көз каранды эмес адис барат.

хабанын Күбөлөрүнүн Кошмо Штаттардагы имараттарынын эко-долбоорунун координатору Дейвид Бин мындай дейт: «Бизге ушундай чоң сыйлык ыйгарылганын жогору баалайбыз. Анткени бул курулушка катышкандардын баары бүт күчүн жаратылыш ресурстарын үнөмдөгөн, башкаларга үлгү болгон жана Стерлинг-Форест токоюнун көркүн ачып турган имараттарды курууга жумшаганын көрсөтүп турат».

Кеңселер/Тейлөө кызматтары жайгашкан имараттардын чатыры суу өткөрбөгөн жабуу менен жабылып, үстүнө табигый өсүмдүктөр өстүрүлгөн. Мындай чатырлар жаандын суусун колдонууга өбөлгө түзгөндүктөн, суу үнөмдөлөт.

Жахабанын Күбөлөрү курулуш аянтындагы кыйылган бактарды курулушка колдонушкан. «Курулуш аянтын даярдоодо кыюуга туура келген бактарды кайра иштетип, курулушка колдонушканы мага аябай жакты»,— дейт Стерлинг-Форест токоюнун мурунку жетекчиси Жеффри Хатчинсон. Ал эми Шейна Вайнштейн: «Жахабанын Күбөлөрүнүн табиятка аяр мамиле кылганы мактоого татырлык. Уориктеги курулушту табиятты эске алып долбоорлоо жана куруу жагынан үлгүлүү долбоор деп эсептейбиз»,— дейт.

Уориктеги курулуш долбоор комитетинин төрагасы болгон Ричард Дивайн мындай дейт: «Биз ондогон жылдардан бери Бруклиндеги имараттарыбыздын кооз болуп, жакшы абалда күтүлүшүнө күч жумшап келгенбиз. Эми табият эске алынып курулган Уориктеги имараттарыбызды жакшы абалда күтүүгө жана кооз Стерлинг-Форест токоюн жакшы сактоого аракет кылабыз».

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: 1-845-524-3000

 

Уориктеги (Нью-Йорк) жаңы башкы башкармалыктын имараттары 2009-жылы 17-июлда сатылып алынган 102 гектар жердин 20дай пайызын ээлейт.

Жер астына курулган, суу каптоодон коргой турган дубалдарды бекемдеш үчүн эрозияга каршы материалдар жана ар кандай көлөмдөгү таштар колдонулган.

Курулуш жаңы башталганда казылып алынган чоң-чоң таштар. 240 000 тоннадан ашуун ушундай таштар кийин курулушка колдонулган.

Көлдүн суусу таза сакталышы үчүн, жээк бойлой тосмо курулган. Ал суунун үстүндө калкып турган бөлүгүнөн, сууну кирдеткен нерселерди өткөрбөгөн көшөгө сымал тосмодон, цинк менен капталган темир чынжырдан турат. Бул чынжыр көшөгө сымал тосмонун этегине бириктирилген.

Таштандыны кайра иштетүүгө жөнөтүүдө колдонулган контейнерлер. Курулуштан чыккан таштандынын 70 пайыздан көбү жерге көмүлбөстөн, таштандыны кайра иштетүүгө уруксаты бар заводдорго жөнөтүлүп турган.

Жумушчулар башкы башкармалыктын негизги кире беришин жашылдандырып жатышат. Жашылдандыруу долбооруна ылайык, төгүлгөн топуракка ошол жерде өскөн бак-дарактар менен өсүмдүктөр отургузулууда.

Жумушчулар геотермалдык торчону орнотуп жатышат. 152 метр тереңдикте жайгашкан геотермалдык системада суу айланып турат. Жердин үстүнкү катмарында жайкысын жана кышкысын суунун температурасы өзгөрүп турса, жер алдында ал дайыма бир калыпта болот. Геотермалдык системада айланган суу жер алдындагы жылуулукту колдонуп, кышкысын имараттарды жылытууда колдонулат. Ал эми жайкысын имараттардан чыккан жылуулук муздагыраак жер кыртышына өтөт. Жахабанын Күбөлөрү орноткон геотермалдык система имараттарды жылытууга жана муздатууга колдонула турган энергияны 40 пайызга үнөмдөөгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Кеңселер/Тейлөө кызматтары жайгашкан имараттын ичи. Имараттын ичин жасалгалоодо ден соолукка зыян келтирбеген, зыяндуу заттарды азыраак бөлүп чыгарган материалдар колдонулган. Бул ГБИнин талаптарына жооп берет.