Мазмунун көрсөтүү

20-СЕНТЯБРЬ, 2021
МЕКСИКА

Мексикада жер титиреп, суу каптады

Мексикада жер титиреп, суу каптады

2021-жылдын 6-сентябрында катуу жааган жаандан улам Мексиканын борборундагы айрым аймактарда сел жүргөн. Ошонун эле эртеси 7,1 балга жеткен жер титирөө болгон. Ал Мексиканын борборундагы Герреро штатынын түштүк жагына жана башка бир нече штатка катуу сокку урган.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Сел

    • 61 ишенимдешибиз көчүрүлгөн

    • 2 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланган

    • 68 үйдүн анча-мынча жери талкаланган

  • Жер титирөө

    • 71 бир тууганыбыз көчүрүлгөн

    • 12си жабыр тарткан

    • 42 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланган

    • 220 үйдүн анча-мынча жери жабыр тарткан

    • 76 үй катуу жабыркаган

    • 7 үй толугу менен талкаланган

Жардам берүү иштери

  • Селден жабыр тарткандарга

    • Көчкөнгө аргасыз болгон ишенимдештерибиз тууган-туушкандарыныкында баш калкалоодо

    • Жергиликтүү жыйналыштагылар селден жабыр тарткандарга деп 104 баштык тамак-аш топтошкон

  • Жер титирөөдөн жабыр тарткандарга

    • Көчкөнгө аргасыз болгондор туугандарыныкында же ишенимдештериникинде баш калкалоодо

    • Кырсыктан жабыр тарткан ишенимдештерибизге дароо медициналык жардам көрсөтүлдү жана учурда алардын абалы жакшы

Кырсык болгон учурда зыян тарткан бир туугандарыбыздын көбүнүн зарыл нерселер салынган баштыгы даяр болчу. Алар өкмөт берген көрсөтмөгө дароо кулак кагышкан. Кырсык болгондо жардам берүү комитетиндегилер жана райондук көзөмөлчүлөр жагдайга көз салууда, ошондой эле жабыр тарткан ишенимдештерибизге көңүл бөлүп, бекемдөөдө. Бардык иш-аракеттер COVID-19 пандемиясына байланыштуу көрсөтмөлөргө ылайык кылынып жатат.

Кырсык болгон жактагы бир туугандарыбыз оор учурда Жахабага жана анын уюмуна толугу менен таянып жатышат. Жахабанын аларды коргооруна жана такыр таштабай турганына бекем ишенебиз (Ышая 26:3)