Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 8-АВГУСТ
НИДЕРЛАНДИЯ

Утрехт, Нидерландия. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Утрехт, Нидерландия. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 2019-жыл, 2—4-август

  • Өткөрүлгөн жери: Көргөзмөлөр жана конгресстер борбору, Утрехт, Нидерландия

  • Жыйын өткөн тилдер: англис, араб, испан, нидерланд, нидерланд жаңдоо тили, папьяменто, поляк, португал, тви

  • Катышкандардын жогорку саны: 42 335

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 212

  • Эл аралык делегаттардын саны: 6 000

  • Чакырылган филиалдар: Австралазия, Бельгия, Бразилия, Индонезия, Канада, Колумбия, Корея, Кошмо Штаттар, Португалия, Румыния, Суринам, Түштүк Африка

  • Жергиликтүү окуя: Көргөзмөлөр жана конгресстер борбору бир компанияга акы төлөп, имаратты тазалап берүүнү суранган. Бир ишенимдешибиз ошол компанияда иштейт. Жетекчиси чалып, ага мындай деген: «Бул жерди тазалаганы чогулган адамдар баарын сүйлөшүлгөндөй так, өз убагында аткарып жатышат. Бир да жери кир болбошу үчүн, имаратты өздөрү уюштургандай тазалап жатышат. Имаратты аларга бергенге чейинки абалынан да сонун кылып тазалап беришет окшойт. Бул өзүнчө эле керемет! Мен мындайды деле көргөн эмесмин. Алар атүгүл колдонулбай калган ресторандын айрым жерлерин да тазалап коюшуптур! Даараткананын жанында дайыма эки киши туруп турат экен. Бир жерде бирдеме болуп кете турган болсо, дароо келе калышат экен. Мындайды эзели көргөн эмесмин».

 

Жергиликтүү бир туугандар аэропорттон делегаттарды тосуп алып жатышат

Бейтелдиктер Нидерландиядагы филиалга экскурсияга келген коноктор менен учурашууда

Жергиликтүү бир тууган башка жактан келген делегат менен бирге башкаларды жыйынга чакырып жүрөт

Көргөзмөлөр жана конгресстер борборунун негизги залында программаны угуп отурган бир туугандар. Программа ошол эле имараттын дагы беш залына видео аркылуу көрсөтүлгөн

Жаңы чөмүлгөн 212 бир туугандын айрымдары

Программаны кунт коюп угуп, жазып отурган бир туугандар

Делегаттар бири-бирине белек берип жатышат

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон бир тууган жекшемби күндүн соңку баяндамасын айтууда

Миссионерлер жана толук убакыт кызмат кылган башка бир туугандар жыйындын соңунда башкаларга кол булгалап жатышат