Мазмунун көрсөтүү

ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Корея жөнүндө кыскача маалымат

Түштүк Корея жөнүндө кыскача маалымат

Жахабанын Күбөлөрү Кореяда 100 жылдан ашык убактан бери бар жана Кудайга эркин сыйынууда. Түштүк Кореядагы Жахабанын Күбөлөрү туш болгон эң чоң кыйынчылыктардын бири өкмөттүн аскер кызматынан абийири жол бербегендиктен баш тарткандарды узак убакыттан бери куугунтуктап келгени болгон.

Түштүк Корея абийиринен улам аскерге баруудан баш тарткандардын укугун тааный элек жана мыйзамдуу түрдө альтернативалык жарандык кызматты киргизе элек. Ошондуктан абийиринен улам аскер кызматынан баш тарткан Жахабанын Күбөсү болгон уландар, адатта, 18 айга түрмөгө кесилет. Ай сайын 40-50 Жахабанын Күбөсү түрмөгө камалат. Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар соттолгон кылмышкерлер жана аскерден качкандар катары катталып калгандыктан, жаза мөөнөтүн өтөп, эркиндикке чыккандан кийин да көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат. Аларга жумушка орношуу кыйынга турат жана ар кандай социалдык көйгөйлөргө кабылышат.

Мурда аскерде кызмат өтөгөн, бирок Ыйык Китепти изилдеп, жакындарын сүйүүгө, согушпаганга үндөгөн мыйзамды аткарууга умтулгандар да кыйынчылыктарга туш болууда. Алар запастагы аскер деп эсептелгендиктен, кээде аскердик жыйындарга чакырыла берет. Ал Жахабанын Күбөлөрү аскердик машыгууга катышуудан баш тартканы үчүн куугунтукка алынып, айып пул салынат.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети абийиринен улам аскерден баш тарткандардын укугун бузуп жатканы үчүн Түштүк Кореяга каршы 500дөн ашуун чечим чыгарып, аларды «мыйзамсыз түрдө» түрмөгө камоодо деген пикирин билдирген. Ошондой эле Түштүк Корея келечекте «ушу сыяктуу укук бузуулардан качууга милдеттүү» экенин жарыялаган. Түштүк Корея ушул маселени чечүү менен абийир жана дин тутуу эркиндигин сыйлаарын көрсөтөт.