Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 1-МАРТ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Кореянын соттору абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын маселесин чечүүнүн жолун издөөдө

Түштүк Кореянын соттору абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын маселесин чечүүнүн жолун издөөдө

Түштүк Кореянын соттору абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан Жахабанын Күбөлөрүн түрмөгө кесип жибербестен, алардын көз карашы эске алынган чечимдерди чыгаруунун жолдорун издөөдө. Соттордун айрымдары Жахабанын Күбөлөрүнө аскерден баш тартууга эмне түрткү берерин — алардын көз карашы Ыйык Китептеги принциптерге негизделерин жана башкаларга зыян келтирүүнү каалабай турганын a — эске алууда. Ушундайча айрым соттор абийир эркиндигине кепилдик берген негизги укуктарга таянып, ал уландар аскер кызматынан баш тартканы үчүн күнөөлүү эмес деген чечим чыгарып жатышат. 2015-жылдын май айынан тартып соттор абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чечим чыгарып, 66 уланды «күнөөлүү эмес» деп тапкан. Мурунку ондогон жылдардын ичинде ушундай 4 эле чечим чыгарылганын эске алганда, бул — эң сонун көрсөткүч.

Үмүт берерлик чечим

Кызыктуусу, 2018-жылдын 1-февралында Пусан апелляциялык соту Жогорку Соттун жана Конституциялык Соттун аскер кызматына байланыштуу мыйзамдарына карабай, аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткан уландардын бирин «күнөөсүз» деп тапкан чечимди күчүндө калтырган. Эки нерсени эске алганда, мындай чечим чыгарылганы, чынында эле, таң калыштуу болгон. Себеби Пусан райондук соту көз карашын оңою менен өзгөртчү эмес жана аскердик кызматка байланыштуу буга чейин каралган сот ишинде төрагалык кылган Жоң-ду Чой аскердик кызматтан баш тарткан уланды күнөөлүү деп жарыялаган болчу.

Үч соттон турган сот коллегиясы Түштүк Корея өкмөтүнүн эл аралык мыйзамдарды аткарууга өз ыктыяры менен кол койгон конституциялык милдетине басым жасаган. Ошол эл аралык мыйзамдарда, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактта (Келишимде), аскер кызматынан баш тарткандардын укугу сыйланышы керектиги баса белгиленет. Сот: «абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды түрмөгө камап, жазага тартуу Келишимдин 18-беренесине каршы келет. Ошондуктан... абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар „мыйзам чегинде“ иш кылууда деп айтууга болот»,— деген. Ал чечим тууралуу маалымат жалпы коомго тараган жана көптөгөн байкоочулар анын укук жаатындагы адистердин чечимине жакшы таасир тийгизет деген көз карашта.

Уландардын укугун сыйлаган чечим чыгарылары күтүлүүдө

Мурун соттор ушул иш боюнча жыл сайын 500—600 уланды түрмөгө кесип жиберишчү. Бирок учурда көптөгөн соттор ишти кийинкиге жылдырууда. Азыркы тапта чечим чыгарыла элек иштердин саны 700дөн ашып кетти. Соттор Конституциялык Соттун чечимин күтүп жаткандыктан, бул сан дагы өсө берет деп күтүлүүдө. 2017-жылдын 31-декабрына чейин түрмөдө отурган Жахабанын Күбөлөрүнүн саны 267 эле болгон. Бул — акыркы он жылдын ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч.

Конституциялык Сот Түштүк Кореянын соттору абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга карата аскер кызматын өтөөдөн качкандарды жазалай турган аскер кызматы жөнүндөгү мыйзамдарды колдонушу керекпи же, эл аралык нормаларга ылайык, абийир эркиндигине укук берген конституциялык мыйзамдарды колдонушу керекпи, аныкташы зарыл. Түштүк Кореянын жарандарынын көбү Соттун коомго пайдасын тийгизе турган жана абийирине каршы келбеген альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө даяр уландардын укугун сыйлай турган чечим чыгарышын чыдамсыздык менен күтүүдө.

Эгер Сот абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын пайдасына чечим чыгарса, Түштүк Корея өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин жүздөгөн уландардын ишине байланыштуу чыгарган чечимине шайкеш иш кылган болот. Комитет Түштүк Кореяны абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды түрмөгө камаганын токтотууга жана алардын абийир эркиндигин сыйлоого чакырды.

a Мисалы, Ышая 2:4тө: «Алар кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат. Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, алар согушууга үйрөнүшпөйт»,— деп жазылган. Иса Машаяк болсо жолдоочуларына сүйүү көрсөтүү менен башкалардан айырмаланып турушу керектигин айтып: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:34, 35).