Мазмунун көрсөтүү

Швециянын Жогорку административдик сотунун имараты

18-ДЕКАБРЬ, 2019
ШВЕЦИЯ

Швеция өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүн коомго пайда алып келген диний жамаат деп тапты

Швеция өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүн коомго пайда алып келген диний жамаат деп тапты

2000-жылдын 1-январынан тартып Швеция өкмөтү, «Диний жаамааттарды колдоо» жөнүндөгү мыйзамга ылайык, диний уюмдарга акчалай колдоо көрсөтүп келет. Андай каражаттар «адамдардын чогуу жашап, биримдикте эмгектенишине шарт түзгөн баалуулуктарды сактаган жана аларды бекемдеген», ошондой эле «коомчулукка жакшы иштер менен салым кошкон» диний топторго гана бөлүнүп берилет.

Швеция мамлекети диндердин көбүнө 2007-жылдан бери акчалай колдоо көрсөтүп келет. Бирок Жахабанын Күбөлөрүнө саясат иштеринде бейтараптуулук сактаганы үчүн андай колдоо көрсөтүүдөн кайра-кайра баш тартып келген.

Ошондон улам ишенимдештерибиз үч жолу сотко кайрылып, Швеция өкмөтүнүн адилеттүү мамиле кылышын суранышкан. Жогорку административдик сот үч жолу тең өкмөттүн биздин уюмга акчалай колдоо көрсөтүүдөн баш тартуу чечимин мыйзамга ылайык келбейт деп таап, анын кайра каралышы керектигин айткан.

Акыры, 2019-жылы 24-октябрда Швеция өкмөтү чечимин өзгөртүп, Жахабанын Күбөлөрү «мыйзамдын бардык талаптарына жооп бергендиктен» мамлекет тарабынан акчалай колдоо алууга укуктуу деп тапкан.

Жакында эле ушул сыяктуу жагдай Норвегияда да болгон. Ал өлкөдө да диний жамааттарга, анын ичинде Жахабанын Күбөлөрүнө мамлекет тарабынан акчалай колдоо көрсөтүлөт. Бирок акыркы айларда Жахабанын Күбөлөрүнүн саясий иштерде бейтараптуулук сактаганы үчүн мамлекет аларга колдоо көрсөтө берүүгө байланышкан маселе кайра каралган. Ишенимдештерибиз Норвегиянын бийлик өкүлдөрүнө саясатта эмне үчүн бейтараптуулук сакташарын так-айкын түшүндүрүп беришкен. Андан тышкары, алар Швециянын Жогорку административдик сотунун Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чыгарган чечиминин көчүрмөлөрүн, ошондой эле Германия менен Италиянын сотторунун жана бийлик өкүлдөрүнүн ушул сыяктуу маселеге карата чыгарган чечиминин көчүрмөлөрүн беришкен.

2019-жылдын 18-ноябрында Норвегиянын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнө андан ары да акчалай колдоо көрсөтүлө берилиши керек деген чечим чыгарганына абдан кубанычта болдук. Алар чечимин мындай деп корутундулаган: «Шайлоодо добуш берүү Норвегиянын жарандарынын негизги укуктарынын бири, бирок алар буга милдеттүү эмес. Жахабанын Күбөлөрү диний ишениминен улам добуш берүүгө катышпайт... [Бирок өкмөт] муну... аларга акчалай колдоо көрсөтпөгөнгө мыйзамдуу себеп катары эсептебеши керек».

Бул чечимдерге карата Скандинавиядагы филиалда кызмат кылган Даг-Эрик Кристоффенсен мындай деп ой бөлүшкөн: «Биз мамлекеттин Жахабанын Күбөлөрүн коомго пайда алып келген уюм катары эсептегенине абдан кубанычтабыз. Бул чечим ушундай чара караштырылган башка өлкөлөргө да жардам болот деп үмүттөнөбүз». Баарынан да, бул жагдайды чечип берген Улуу Мыйзам чыгаруучубуз Жахабага абдан ыраазыбыз (Ышая 33:22).