Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 30-МАЙ
ӨЗБЕКСТАН

Өзбекстанда Машаяктын өлүмүн эскерүү кечеси бүт өлкө боюнча ачык эле өткөрүлдү

Өзбекстанда Машаяктын өлүмүн эскерүү кечеси бүт өлкө боюнча ачык эле өткөрүлдү

2019-жылдын 19-апрелинде Өзбекстандагы бир туугандар акыркы жылдар аралыгында Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесин биринчи жолу өлкөнүн бардык жеринде ачык өткөрө алышты.

Өзбекстандагы Жахабанын Күбөлөрү Ташкентке жакын жердеги Чырчык шаарында гана расмий түрдө катталышкан. Мурун Чырчык шаарынан башка жерде жашаган ишенимдештерибиз полицияга билинип калбаш үчүн Эскерүү кечесин жашыруун өткөрүп келишкен. Быйыл болсо бир туугандар полиция кызматкерлерине Эскерүү кечесинин өткөрүлөрү жөнүндө маалымат берип, кечеге чакырышкан. Алар жардам берүүгө даяр болушкан, атүгүл Эскерүүгө келгендердин коопсуздугуна кам көрүшкөн. Айрым жерлерде кечеге полиция кызматкерлери да катышкан.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон, макаланын башындагы сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Чырчык шаарындагы Падышалык залында өткөн Эскерүү кечесинде баяндама айткан. Программа орус тилине которулган. Кечеге жалпысынан 781 киши катышкан. Андан кийин да ошол эле залда эки Эскерүү кечеси өткөрүлгөн.

Марк Сандерсон, бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктын өкүлү Пол Гиллис жана Борбордук Азиядан болгон эки бир тууган Юстиция министрлигинин, ошондой эле Адам укуктары боюнча улуттук борбордун жогорку даражадагы кызматкерлерине жолугушкан. Жолугушууларда бир туугандар аларга ишенген нерселерибиз жана уюмубуз жөнүндө так маалымат беришкен. Биз жөнүндө көбүрөөк маалымат алган кызматкерлер Чырчык шаарынан башка жерлерде да расмий түрдө катталышыбызды колдооруна жана бул бир туугандардын сыйынууга ылайыктуу жайларга ээ болушуна шарт түзөрүнө үмүттөнөбүз.

Марк Сандерсон жана бийликтегилер менен жолугуу үчүн барган бир туугандар Өзбекстан Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында турушат

Эскерүү кечесинин ачык эле өткөрүлгөнү жана ишенимдештерибиздин бийликтегилерге жолугуп, урмат-сый менен сүйлөшө алганы — Өзбекстанда акыркы убакта болгон чоң ийгиликтердин бири. Акыркы алты айдын ичинде Жахабанын Күбөлөрүнүн эч кимисинин үйү тинтүүгө алынган эмес. Айып пул салуу, камакка алуу сыяктуу иштер да болгон эмес. Ошондой эле бир жылдай убакыт мурун, 2018-жылдын 14-майында, Өзбекстандын Кошмо Штаттардагы элчиси Жавлон Вахабов мырза Жахабанын Күбөлөрүнө расмий түрдө катталуу оңой болушу үчүн парламент мыйзамга өзгөртүү киргизилишине чара көрөрүн эл алдында билдирген.

Биз Өзбекстандагы бир туугандарыбыздын «мындан ары да Кудайдан толук берилгендик менен, салабаттуулук менен, тынч, бейпил жашаш» үчүн жумшап жаткан аракетине батасын беришин сурап тиленебиз (1 Тиметей 2:2).