Мазмунун көрсөтүү

Терминдер боюнча колдонмо

Терминдер боюнча колдонмо

Жахабанын Күбөлөрүнүн иши тууралуу кабарлаганга кызыкдар болгонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул колдонмо биздин диний уюмубузга байланыштуу терминдердин жазылышын жана колдонушун билүүгө жардам берүү үчүн даярдалган. Колдонмодо жок темаларга байланыштуу суроолоруңуз болсо, Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына кайрылыңыз.

аксакал. Жыйналышты окутууга жана жыйналышка келгендердин жыргалчылыгына кам көрүү үчүн дайындалган рухий жактан жетилген Жахабанын Күбөсү болгон эркек киши. Аксакал Ыйык Жазмадагы 1 Тиметей 3:1—7; Тит 1:5—9; Жакып 3:17, 18 жана 1 Петир 5:2де жазылган талаптарга жооп бере бериши керек. Ал акы төлөнүүчү кызматчы эмес жана өзүнүн жыйналышынын же Жахабанын Күбөлөрү менен байланышы бар бирикменин кызматкери эмес. Аксакалдардын көбү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө кам көрүү үчүн иштешет. Аксакалдар диний жетекчилер эмес жана жыйналыштын башка мүчөлөрүнөн өйдө турушпайт. Бул термин аларды ардактаган наам катары колдонулбайт.

Бейтел, бейтелдик, Бейтел үй-бүлөсү. «Бейтел» деген еврейче сөз «Кудайдын үйү» дегенди билдирет. Ал — Жахабанын Күбөлөрүнүн ар бир өлкөдөгү же аймактагы Ыйык Китепке негизделген рухий иштерди жетектөө жана колдоо үчүн колдонулган имараттардын аталышы. Ал жакта кызмат кылган Жахабанын Күбөлөрү диний боордоштукка кирет жана «бейтелдиктер» деп аталат. Иши үчүн эмгек акы алышпайт. Алар жалпысынан «Бейтел үй-бүлөсү» деп аталат, анткени бир үй-бүлөдөй болуп ушундай жайларда чогуу жашашат, сыйынышат жана иштешет. «Бейтелдик» деген термин ал жерде иштегендерди өзгөчө ардактаган наам катары колдонулбайт.

бир тууган. Жахабанын Күбөсү катары чөмүлгөн эркек же аял. Ал аларды ардактаган наам катары колдонулбайт.

боордоштук. Бул Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк жамааты (ага эркектер да, аялдар да кирет) (1 Петир 5:9).

Гилат, Гилат мектеби. Миссионерлерди окутуу үчүн 1943-жылы негизделген Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин кыскартылган аталышы. Азыркы учурда Ыйык Китепти изилдөө боюнча беш айлык ал атайын курска Жахабанын Күбөлөрү чакырылат.

жалпыга арналган жолугушу. Жыйналыштын жума сайын өткөрүлгөн жолугушуусу. Негизинен дем алыш күндөрү өткөрүлөт, анда жалпыга арналган 30 мүнөттүк Ыйык Китепке негизделген баяндама айтылат. Андан кийин, адатта, «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышындагы макалада камтылган Ыйык Китепке негизделген тема бир саат бою суроо-жооп иретинде талкууланат. Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык жолугушууларындай эле ага жүзмө-жүз жана онлайн түрүндө катышса болот жана бул үчүн эч кандай акы алынбайт.

жарчы. Кабар айтуу ишине катышкан Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышынын мүчөсү. Жарчы болуш үчүн Ыйык Китептеги негизги окууларды түшүнүп, Кудайдын принциптерине ылайык жашаш керек. Жарчы кабар айтуу кызматы үчүн акы албайт жана жыйналышынын же Жахабанын Күбөлөрүнө тиешелүү бирикмелердин жумушчусу болуп эсептелбейт. Бул термин аны ардактаган наам катары колдонулбайт.

Жахаба. Бул — Ыйык Жазмада жазылгандай, Кудуреттүү Кудай жана Жараткандын ысмы (Забур 83:18). Жахабанын Күбөсүн «Жахаба» деп атоого болбойт.

Жахабанын Күбөлөрү. Жахаба Кудайга сыйынган жана жакшы кабар таратуунун ар кандай ыкмалары аркылуу Ыйык Китептеги билимди ынталуулук менен жайылтышкан Исанын жолдоочуларынан турган диний топ. Алардын ыйык китептик билим берүү ишинин максаты — Кудайдын Падышалыгы же өкмөтү жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу (Матай 24:14). Бул ысым аларды башка диндерден айырмалап турат жана кимдин өкүлү экенин эле эмес, Кудайдын ысмы үчүн өз эрки менен кызмат кылуу ишин да билдирет. Кимдир бирөө Ыйык Китептин негизги окууларына байланыштуу түшүнүккө ээ болмоюнча, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышы менен бирге кабар айтканга жарактуу болмоюнча жана өзүн Жахаба Кудайга арнаганын көрсөтүп чөмүлмөйүнчө Жахабанын Күбөсү болуп эсептелбейт. Макаланын башында «Жахабанын Күбөлөрү» деп расмий толук атыбыз жазылышы керек (Ышая 43:10).

 Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши. Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн рухий муктаждыктарына кам көрүү үчүн дайындалган аксакалдардын чакан тобу. Көбүнчө «Жетектөөчү Кеңеш» деген кыска аталышы колдонулат. Алар Ыйык Китепке негизделген адабияттарды даярдашат. Жетектөөчү Кеңеш дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин көзөмөлдөсө да, Иса Машаякты Жахабанын Күбөлөрүнүн Башчысы деп эсептешет. Жетектөөчү Кеңештин кеңсеси Уорикте (Нью-Йорк, АКШ) Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында жайгашкан.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйын залы. Белгилүү бир аймактагы бир нече жыйналыш мезгил-мезгили менен чоң жолугушууларды өткөрүү үчүн колдонгон, Жахабанын Күбөлөрүнө таандык чоң сыйынуу жайы. Ал «Жыйын залы» деп аталат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залы. Бир же андан көп жыйналыш сыйынуу үчүн колдонгон жай. Көп учурда «Падышалык залы» деп эле айтылат. «Чиркөө» деген сөздү колдонбошуңузду суранабыз.

жыйналыш. Сыйынуу үчүн дайыма чогулуп турган Жахабанын Күбөлөрүнүн тобу. Аксакалдар кеңеши жыйналышка топ катары жана жекече Ыйык Китепке негизделген окутуу программаларын өткөрүүгө жана рухий жактан жетекчилик бергенге дайындалган. Жыйналыш жолугушууларына бардык адамдар келе алат. Жыйналыштар бекер өткөрүлөт жана ал жакта акча чогултулбайт.

жыйын. Кара:  райондук жыйын,  эл аралык жыйын жана  региондук жыйын.

 Иса Машаяк. Кудайдын жалгыз Уулу (Жакан 3:16). Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаякты Башчысы катары көрүп, үлгү тутушат жана окутууларына карманышат. Жахабанын Күбөлөрү аны тарыхтагы эң улуу адам, Жахабанын эң алгачкы Күбөсү жана ал Жахаба Кудайдын адамзатты куткарууга байланыштуу ой ниетинде негизги ролду ойнойт деп эсептешет (Ышая 9:6, 7; Аян 1:5).

иш күндөрүндөгү жолугушуу. Жума сайын, адатта кечке жуук өткөрүлгөн жолугушуу. «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» деп аталган үч бөлүктөн турган бул жолугушуу Жахабанын Күбөлөрүнө Кудайга жакшы жана натыйжалуу кызмат кылганга жардам берүү максатында уюштурулган. Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык жолугушууларындай эле ага жүзмө-жүз жана онлайн түрүндө катышса болот жана бул үчүн эч кандай акы алынбайт.

кабар айтуу. Кара:  талаа кызматы.

 «Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт». Жахабанын Күбөлөрү тарабынан басылып, таратылган негизги журналдын толук аталышы. «Күзөт мунарасы» деп да аталат. Бул аталыш Кудайдын ой ниетинин кантип аткарылып жатканына көз салып, сергек туруу керек деген ойду камтыйт (Матай 24:42). «Күзөт мунарасынын» жалпыга арналган чыгарылышы кызыккандарга акысыз таратылат. «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы дүйнө жүзү боюнча жыйналыштарда суроо-жооп иретинде талкуулоо үчүн арналган. Бул журнал 1879-жылдан бери үзгүлтүксүз басылып чыгарылып келатат жана дүйнө жүзүндөгү ай сайын чыккан журналдардын арасынан эң көп санда басылып чыгарылганы болуп эсептелет.

кызмат жардамчысы. Аксакалдарга жыйналышка кам көргөнгө жардам берүү үчүн дайындалган, Жахабанын Күбөсү болгон, рухий жактан жетилген эркек. Кызмат жардамчысы катары кызмат кылыш үчүн ал дайыма 1 Тиметей 3:8—10, 12, 13 жана Тит 2:6—8-аяттарда жазылган талаптарга жооп бериши керек. Кызмат жардамчылары уюмдагы жана жыйналыштагы маанилүү иштерди кылышат. Кызмат жардамчысы кызматы үчүн акы албайт жана жыйналышынын же Жахабанын Күбөлөрүнө тиешелүү бирикмелердин жумушчусу болуп эсептелбейт. Алардын көбү өзүн жана үй-бүлөсүн багуу үчүн иштешет. Айрымдары убакыттын өтүшү менен аксакалдар катары кызмат кылганга жарактуу болуп, дайындалышат. Бул термин аларды ардактаган наам катары колдонулбайт.

 Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечеси. Бул — жыл сайын Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү аземи. Ал «Мырзабыздын кечки тамагы», «Эскерүү кечеси» же «Исанын өлүмүн эскерүү кечеси» деп да аталат. Жахабанын Күбөлөрү аны жылдын эң маанилүү окуясы деп эсептешет. Машаяк жолдоочуларына атайын белгилегиле деп буйруган жалгыз диний азем (Лука 22:19, 20).

миссионер. Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши тарабынан дүйнөнүн чар тарабына дайындалган чөмүлгөн Жахабанын Күбөсү. Миссионерлер үйүн таштап, Падышалык тууралуу жакшы кабарды жарыялаш үчүн башка өлкөгө көчүп барганга да даяр болушат (Матай 24:14).

«Ойгонгула!» Жахабанын Күбөлөрү басып чыгарган жана тараткан журнал. Алгач 1919-жылы «Алтын кылым» деп чыккан. Анын аталышы 1937-жылы «Сооротуу» деп өзгөртүлгөн. 1946-жылы 22-августта «Ойгонгула!» деген аталыш менен чыга баштаган. Журнал окурмандарга дүйнөдөгү окуяларды баамдап, алардын эмне үчүн болуп жатканын түшүнгөнгө жардам берүү максатында «Ойгонгула!» деп аталып калган. Бул журнал дүйнөдөгү эң көп таралган журналдардын бири.

пионер. Бул ат кабар айтуу ишине белгилүү бир убакыт бөлгөнгө аракет кылган чөмүлгөн Жахабанын Күбөсү үчүн колдонулат. Көбүнчө ал жылына 600 саат (ай сайын 50 саат) бөлгөн «үзгүлтүксүз пионердин» кыскача аталышы катары колдонулат. Кээде бир же бир нече ай 15 же 30 сааттан кабар айткан «көмөкчү пионердин» кыскача аталышы катары колдонулат. Пионерлер кабар айтуу кызматы үчүн акы алышпайт жана жыйналышынын же Жахабанын Күбөлөрүнө тиешелүү бирикмелердин жумушчусу болуп эсептелбейт. Пионерлердин көбү өздөрүнө кам көрүү үчүн иштешет. Бул термин аларды ардактаган наам катары колдонулбайт.

район. Белгилүү бир аймактагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарынын тобу.

райондук жыйын. Жылына эки жолу өткөрүлгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн бир нече жыйналышынын бир күндүк жолугушуусу. Райондук жыйындарга бардык адамдар келе алат жана алар рухий жактан бекемдөө максатында даярдалат. Программада жаш-курагы ар кандай кишилер Ыйык Китептеги кеңештерден пайда ала алгыдай маалымат камтылат. Ыйык Китепте жазылгандарды кантип жашоодо колдонсо болору көрсөтүлгөн сахналаштырылган демонстрациялар көрсөтүлөт. Көп учурда Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйын залдарында өткөрүлөт. Аны ижарага алынган имаратта өткөрсө же онлайн көрсө болот. Адатта дем алыш күндөрү болот. Жыйындар бекер өткөрүлөт жана ал жакта акча чогултулбайт.

райондук көзөмөлчү. Филиалдын көзөмөлү алдында кызмат кылган тажрыйбалуу аксакал (үйлөнгөн болсо, жубайы менен бирге) райондогу ар бир жыйналышка, адатта жылына эки жолу барат. Ал ар бир жыйналыштагыларга жекече көңүл буруп, бекемдегенден тышкары, аксакалдарды жана кызмат жардамчыларын кубаттап, көрсөтмөлөрдү берет. Райондук көзөмөлчүлөр ар бир жыйналыш үчүн атайын окутуу программасын даярдайт. Бул термин аларды ардактаган наам катары колдонулбайт.

региондук жыйын. Белгилүү бир аймактагы бир нече жыйналыштын рухий жактан бекемдөөгө багытталган үч күндүк жылдык жолугушуусу. Ага бардык адамдар келе алат. Программа жаш-курагы ар кандай адамдарга Ыйык Китептеги билимден пайда алганга жардам берет, күнүмдүк жашоодон жана Ыйык Китептен алынган окуялар көрсөтүлөт. Алар Ыйык Китептеги принциптерди колдонууга жардам берет. Жыйындар көбүнчө ареналар, стадиондор жана жыйындар борборлору сыяктуу ижарага алынган чоң жайларда өткөрүлөт. Кичинекей региондук жыйындар жакын жердеги Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйын залдарында да өткөрүлүшү мүмкүн. Адатта, жүзмө-жүз жолугуп өткөрүлгөн жыйындар жума күндөн жекшемби күнгө чейин өткөрүлөт. Акыркы жылдары программанын жаздырууларын онлайн көрсө болот. Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык жыйналыштарындай эле, кирүү акысыз жана ал жакта акча чогултулбайт.

талаа кызматы. Исанын «Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды» «дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары тараткыла» деген буйругуна ылайык аткарган Жахабанын Күбөлөрүнүн кызматы (Матай 24:14; 28:19).

филиал. Бир же бир нече өлкөдө Жахабанын Күбөлөрүнүн рухий иштерин колдоо жана көзөмөлдөө үчүн колдонулган филиалдын комитетинин жергиликтүү административдик борбору.

филиалдын комитети. Филиал ачылганда үч же андан көп аксакалдан турган филиал комитети ошол филиалга караштуу өлкөдөгү же өлкөлөрдөгү иштерди көзөмөлдөө үчүн дайындалат.

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу». Жахабанын Күбөлөрү тарабынан которулуп, басылып чыгарылган Еврей Жазмалары («Байыркы Келишим») менен Грек Жазмаларынын («Жаңы Келишим») толук аталышы. Аны «Жаңы дүйнө котормосу» деп да айтса болот.

 эл аралык жыйын. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан каржыланган сыйынуу жана Ыйык Китепте жазылгандарды үйрөтүү үчүн өткөрүлгөн үч күндүк чоң жолугушуу. Ал бир нече жылда бир жолу дүйнө жүзү боюнча алдын ала белгиленген шаарларда өткөрүлүп турат. Андай жыйындарга ар кайсы өлкөдөн болгон Жахабанын Күбөлөрү чакырылат. Эл аралык жыйындарга бардык адамдар келе алат жана алар Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк биримдигин чыңдоо менен бирге рухий жактан бекемдөөгө багытталган. Адатта ижарага алынган имараттарда жана жума күндөн жекшемби күнгө чейин өткөрүлөт. Кирүүгө акы алынбайт жана ал жакта акча чогултулбайт.

ЭСКЕРТҮҮ: Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө маалымат берип жатканда сөз башында толук аталышын колдонушуңузду суранабыз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү жерди карагыла:  Жахабанын Күбөлөрү.