Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Канткенде бири-бириңерге жетиштүү убакыт бөлө аласыңар?

Канткенде бири-бириңерге жетиштүү убакыт бөлө аласыңар?

 Көптөгөн жубайлар чогуу болсо да, бири-бири менен пикирлешишпейт. Буга эмнелер себеп болот?

 Чогуу болгону менен, өз-өзүнчө

  •   Чарчап-чаалыгуу

     «Бирге убакыт өткөрөбүз дегенде же жолдошум чарчап турган болот, же мен чарчап турган болом. Шайым ооп турганда, сиркем суу көтөрбөй калат. Ошон үчүн андан көрө телевизор эле көрөлүчү деп калабыз» (Анна).

  •   Электрондук каражаттарга алаксуу

     «Соцтармактар жана Интернет убактыңды аябай эле алып коёт. Баш көтөрбөй бир нече саат отура берип жарың менен сүйлөшпөй да каласың. Атүгүл бир бөлмөдө отурсаң да сүйлөшпөйсүң» (Катерин).

  •   Эки башка нерсеге кызыгуу

     «Жолдошум жумуштан келгенден кийин өзү кызыккан нерселер менен алектенет. Эртеден кечке иштеп жатпайбы деп аны жайына коюп коём. Бирок чогуу убакыт өткөрсөк аябай сонун болмок» (Жейн).

  •   Жумуш

     «Азыр технологиянын доорунда жашап жаткандыктан жумуштан үйгө келгенден кийин да иштегенге мажбур болосуң. Көп учурда жумуштан келген электрондук каттарга, билдирүүлөргө жооп бергенге туура келет. Ошого кеткен убактымды жубайыма бөлсөм сонун болмок» (Марк).

 Эмне кылсаңар болот?

  •   Пикирлешүүнү өтө зарыл нерседей көргүлө.

     Ыйык Китептеги принцип: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).

     Ойлонуп көргүлө: Жубайыңар менен болгон мамилеңерди жумушуңардан же кызыккан нерселериңерден жогору көрөрүңөр иштериңерден көрүнүп турабы? Жарыңарга кыларга иш жок калганда эле убакыт бөлүп, көңүл бурасыңарбы?

     Кеңеш: «Убакыт болгондо сүйлөшөбүз»,— дегенден качкыла. Анын ордуна, эч нерсеге алаксыбай, бири-бириңерге көңүл буруп турганга дайыма убакыт бөлгүлө.

     «Жолдошумдун экөөбүз эле боло турган учурларды ойлонуштуруп койгону аябай жагат. Ошондо анын мени чындап сүйөрүнө, мени менен убакыт өткөргүсү келерине ынанып калам. Ошонун аркасында ага болгон сүйүүм артып жатат» (Анна).

  •   Электрондук каражаттардын тоскоолдук кылышына жол бербегиле.

     Ыйык Китептеги принцип: «Бардык нерсенин өз убагы бар» (Насаатчы 3:1).

     Ойлонуп көргүлө: Электрондук каражатыңарга келген билдирүүлөр жубайыңар менен убакыт өткөрүп жатканда канчалык көп алаксытат?

     Кеңеш: Күнүнө, жок дегенде, бир жолу бирге тамактанганга аракет кылгыла. Андайда телефонуңарды башка бөлмөгө коюп койгула. Дасторкон үстүндө ошол күнү болгон окуялар тууралуу сүйлөшкөнгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

  •   Мүмкүн болсо, базарга чогуу баргыла же үй иштерин чогуу аткаргыла.

     Ыйык Китептеги принцип: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы. Анткени алар өз эмгегинин үзүрүн көрөт» (Насаатчы 4:9).

     Ойлонуп көргүлө: Үй тиричилигине байланыштуу иштерди өз-өзүнчө кылган учурларыңар канчалык көп болот?

     Кеңеш: Атүгүл жалгыз киши кыла турган жумуштарды да чогуу кылып, бири-бириңерге көмөктөшкүлө.

     «Азык-түлүк сатып келүү, идиш-аяк жуу, жуулган кийимдерди бүктөө, короодогу иштерди кылуу сыяктуу жумуштарды тек гана үй тирлиги катары көрбөгүлө. Аларды чогуу убакты өткөргөнгө мүмкүнчүлүк катары көргүлө» (Нина).

  •   Акыл-эстүү болгула.

     Ыйык Китептеги принцип: «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун» (Филипиликтер 4:5).

     Ойлонуп көргүлө: Түгөйүңөрдөн өтө көптү күтпөй турганыңарды кантип көрсөтө аласыңар?

     Кеңеш: Бири-бириңердин эмнеге муктаж экениңерди аныкташ үчүн сүйлөшкүлө. Анан убактыңарды экөөңөргө тең кубаныч алып келгидей өткөрүш үчүн эмне кылсаңар болорун чечип алып, ошого жараша иш кылгыла.

     «Жолдошумдун күчү ашып-ташып турат. Менин болсо ден соолугум начар болгондуктан көп нерсеге күчүм жок. Ошон үчүн жолдошума: „Эшикке чыгып эс алып кел, мен үйдө отуруп турам“,— деп көп айтам. Ошентип, ал эшикке чыгып, көнүгүүлөрдү жасап келет. Мен болсо үйдө калып, эс алып алам. Экөөбүз тең өзүбүз муктаж болгон нерсени кылгандыктан кадимкидей күчкө толуп калабыз» (Даниэла).

 Талкуулоо үчүн суроолор

 Эң оболу төмөндөгү суроолорго өз-өзүнчө жооп бергиле. Анан жообуңарды чогуу талкуулагыла.

  •   Азыркы учурда жубайым экөөбүз бири-бирибизге жетиштүү убакыт бөлүп жатабыз деп ойлойсуңарбы?

  •   Силер менен убакыт өткөрүш үчүн жарыңар мактоого татырлык кандай иш-аракеттерди кылып жатат?

  •   Түгөйүңөрдүн бул жагынан эмнени жакшыртышын каалайт элеңер?

  •   Өмүрлүк жарыңарды кунт коюп укканга электрондук каражаттар канчалык көп жолтоо кылат?

  •   Канткенде бири-бириңерден өтө көптү күтпөйсүңөр?

  •   Чогуу убакыт өткөрүп жатканда эч нерсеге алаксыбаш үчүн ар бириңер ушул жумада эмнени өзгөртсөңөр болот?