Мазмунун көрсөтүү

Армагедон согушу деген эмне?

Армагедон согушу деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 «Армагедон» деген сөз адамдар башкарган өкмөттөр менен Кудайдын ортосунда боло турган акыркы согушту билдирет. Ал өкмөттөр жана алардын таламдаштары Кудайдын бийлигин колдоодон баш тартып, ага азыртадан эле каршы чыгып жатышат (Забур 2:2). Андыктан Армагедон согушунда адамдар башкарган өкмөттөр жок кылынат (Даниел 2:44).

 «Армагедон» деген сөз Ыйык Китепте бир эле жолу, Аян 16:16да эле, кездешет. Ошол Аян китебинде «бүт дүйнөнүн падышалары» «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушка чогултулары» алдын ала айтылган. Алар чогулган жер «еврейче Армагедон деп аталат» (Аян 16:14).

 Армагедондо кимдер согушат? Иса Машаяк Кудайдын душмандарын кырып жок кылыш үчүн асмандагы аскерин баштап келет (Аян 19:11—16, 19—21). Ал душмандарга Кудайдын бийлигине каршы чыккандар жана ага урмат көрсөтпөгөндөр кирет (Жезекиел 39:7).

 Армагедон согушу Ортоңку Чыгыштагы белгилүү бир жерде болобу? Жок. Ал согуш бир эле аймакта эмес, бүт дүйнө жүзүндө болот (Жеремия 25:32—34; Жезекиел 39:17—20).

 «Армагедон» деген сөз кээде Хар-Магедон (еврейче Хар Мегиддон) деп да айтылат жана «Мегидо тоосу» дегенди билдирет. Мегидо байыркы Ысрайылдын аймагына караштуу шаар болгон. Тарых барактары көрсөтүп тургандай, ошол шаардын аймагында мааниси зор салгылаштар, анын ичинде Ыйык Китепте жазылган согуштардын айрымдары жүргүзүлгөн (Бийлер 5:19, 20; 2 Падышалар 9:27; 23:29). Бирок «Армагедон» деген сөз байыркы Мегидого жакын жердеги кайсы бир аймакты билдирбейт. Анткени ал жакта азыр андай чоң тоо жок. Анын үстүнө, ал жердеги Изреил өрөөнүнө Кудайга каршы чыккандардын баары батмак эмес. «Армагедон» деген сөз жер жүзүндөгү элдер Кудайдын бийлигине каршы чыгыш үчүн чогулганда өкүм сүрө турган дүйнөдөгү абалды билдирет.

 Армагедон согушу кандай болот? Биз Кудайдын өзүнүн күчүн кантип көрсөтөрүн так билбесек да, байыркы учурда колдонгон «куралдарын» колдонот деп күтсөк болот. Мисалы, мөндүр жаадырышы, жер титиретиши, кара нөшөр төктүрүшү, от менен күкүрт жаадырышы, чагылган чартылдатышы же жугуштуу оору жибериши мүмкүн (Аюп 38:22, 23; Жезекиел 38:19, 22; Хабакук 3:10, 11; Закарыя 14:12). Же болбосо ага каршы чыккандарды дүрөбөлөңгө түшүрүп, бири-бирин кырдыртышы ыктымал. Кандай болбосун, алар ошонун баары Кудайдан болуп жатканын түшүнүшөт (Жезекиел 38:21, 23; Закарыя 14:13).

 Армагедон согушунда жер жок кылынабы? Жок, анткени Кудай жерди адам баласынын түбөлүк үйү болсун деп жараткан (Забур 37:29; 96:10; Насаатчы 1:4). Ошондой эле Армагедондо бүт адамзат жок кылынбайт, Кудайга кызмат кылган «эбегейсиз көп адамдар» аман калат (Аян 7:9, 14; Забур 37:34).

 Ыйык Китепте кездешкен «дүйнө» деген сөз жерге эле эмес, айрым учурларда Кудайга баш ийбеген ыймансыз адамдарга карата да колдонулат (1 Жакан 2:15—17). Андыктан Армагедондо жок кылына турган «дүйнө түзүлүшү» ошондой адамдарды билдирет (Матай 24:3).

 Армагедон согушу качан болот? Иса пайгамбар туу чокусу Армагедон согушу боло турган «улуу алаамат» жөнүндө сөз кылып: «Ошондо дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алаамат болот. Ал күндү жана саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам гана билет»,— деген (Матай 24:21, 36). Ошондой болсо да Ыйык Китептен Армагедон Иса Машаяктын 1914-жылы башталган көзгө көрүнбөгөн катышуусу учурунда болорун билүүгө болот (Матай 24:37—39).