Жиндер чынында эле барбы?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Ооба, Ыйык Китепте жиндердин чын эле бар экендиги жана алардын Кудайга каршы чыккан, «күнөө кылган периштелер» экени жазылган (2 Петир 2:4). Күнөө кылган периштелердин эң биринчиси — Шайтан Ибилис. Ыйык Китепте анын «жиндердин башчысы» экени айтылат (Матай 12:24, 26).
Нух пайгамбардын күндөрүндөгү козголоң
Нух пайгамбардын күндөрүндө, жер бетин Топон суу каптаганга чейин периштелердин бир тобу Кудайга каршы козголоң чыгарышкан. Ал окуя тууралуу Ыйык Китепте: «Чыныгы Кудайдын уулдары... кыздарга, алардын сулуу экенине көңүл бура башташты. Анан тандагандарын аялдыкка алышты»,— деп баяндалат (Башталыш 6:2). Ал периштелер адам баласынын кыздары менен жыныстык катнашта болуш үчүн «өздөрү жашашы керек болгон жайды» — асманды — калтырып, адам кейпин кийип, жерге түшүшкөн (Жүйүт 6).
Кийин жерди Топон суу каптаганда, алар адамдык денесин таштап, кайрадан асманга кайтышкан. Бирок Кудай аларды өзүнүн үй-бүлөсүнө кошпой кууп жиберген жана экинчи эч качан адам кейпин кийип жерде жашай албай тургандай кылып койгон (Эфестиктер 6:11, 12).