Мазмунун көрсөтүү

Окумуштуулар Иса Машаякты тарыхый инсан деп эсептешеби?

Окумуштуулар Иса Машаякты тарыхый инсан деп эсептешеби?

 Иса Машаякты тарыхый инсан деп эсептегенге окумуштууларда толук негиз бар. 1, 2-кылымдагы тарыхчылардын Иса Машаяк жана анын алгачкы жолдоочулары туурасында жазгандары жөнүндө 2002-жылы чыгарылган «Британ энциклопедиясында»: «Бул билдирүүлөр байыркы убакта Исанын тарыхый инсан болгонун атүгүл христиан динине каршы чыккандар да четке кагышпаганын тастыктап турат. Исанын тарыхый инсан болгонуна 18-кылымдын аягында, 19-кылымда жана 20-кылымдын башында гана негизсиз эле күмөн санай башташкан»,— деп айтылган.

 Ал эми 2006-жылы чыккан «Иса жана археология» деген китепте: «Азыркы белгилүү окумуштуулардын бири да Жусуптун уулу болгон Иса деген еврей кишинин тарыхта болгонун жокко чыгарбайт. Көптөгөн окумуштуулар анын кылган иштери жана негизги окуулары жөнүндө бүгүнкү күндө көп нерсе маалым экенине кошулушат»,— деп айтылган.

 Иса пайгамбардын тарыхый инсан болгонун Ыйык Китептен айкын көрүүгө болот. Анда анын ата-бабаларынын жана жакын туугандарынын аттары жазылган (Матай 1:1; 13:55). Ошондой эле Иса пайгамбардын убагындагы атактуу башкаруучулардын аттары да кездешет (Лука 3:1, 2). Ушундай так маалыматтардын негизинде изилдөөчүлөр Ыйык Китепте жазылгандардын чын-төгүнүн текшере алышат.