Мазмунун көрсөтүү

Кечиримдүүлүк деген эмне?

Кечиримдүүлүк деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кечиримдүүлүк таарынткан кишиге ырайым кылууну билдирет. Ыйык Китепте «кечирүү» деп которулган грек сөзү «коё берүү» деген маанини туюнтат. Бул сөз айкашы карызды кечүүгө карата колдонулат. Иса шакирттерин тиленүүгө үйрөтүп жатканда ушундай салыштырууну колдонуп: «Биз өзүбүзгө каршы күнөө кылгандардын [карыз болгондордун] ар бирин кечиргенибиздей, биздин да күнөөлөрүбүздү кечире көр»,— деген (Лука 11:4, шилт.). Ырайымсыз кул жөнүндөгү мисалында да Иса кечиримдүүлүктү карызды кечүүгө салыштырган (Матай 18:23—35).

 Биз башкаларга таарынбасак жана алардан келтирилген зыяндын ордун толтурушун талап кылбасак, кечирген болобуз. Ыйык Китепте сүйүү сапаты кечиримдүү болууга жардам берери айтылат, анткени «сүйүү... таарынычын эсептей бербейт» (1 Корунттуктар 13:4, 5).

Кечиримдүү болуу эмнени билдирбейт?

  •   Жаман ишке көз жумуу. Ыйык Китепте жаман иштерге көз жумгандар же аларды зыянсыз деп эсептегендер айыпталат (Ышая 5:20).

  •   Эч нерсе болбогондой түр көрсөтүү. Жахаба Дөөтүнүн олуттуу күнөөлөрүн кечирсе да, алардын кесепетинен коргогон эмес. Дөөтүнүн кандай күнөөлөрдү кетиргенин биз да биле алышыбыз үчүн, Жахаба алар тууралуу жаздыртып койгон (2 Шемуел 12:9—13).

  •   Башкалардын сени пайдаланышына жол берүү. Кимдир бирөө сенден карыз алды деп коёлу. Ал ошол акчаны ыгы жок коротуп, сага карызды өз убагында кайтарып бере албай калды. Анан сенден аябай кечирим сурады. Ошондо сен ага таарынбастан, болгон ишти кайра-кайра козгобой эле коюну, атүгүл карызды толугу менен кечүүнү туура көрүшүң мүмкүн. Бирок ошол эле учурда ага экинчи карыз бербей эле коюну чечишиң ыктымал (Забур 37:21; Накыл сөздөр 14:15; 22:3; Галатиялыктар 6:7).

  •   Негизи жок болсо да кечирүү. Кудай билип туруп эле күнөө кетиргендерди, каталарын мойнуна албагандарды, өзгөргүсү келбегендерди, зыян келтирген адамдардан кечирим сурабагандарды кечирбейт (Накыл сөздөр 28:13; Элчилер 26:20; Еврейлер 10:26). Өкүнбөгөн ушундай адамдар Кудайдын душманы болуп калат жана Кудай бизден ал кечирбеген адамдарды кечиришибизди талап кылбайт (Забур 139:21, 22).

     Бирок кимдир бирөө силерге ырайымсыз мамиле кылып, кечирим сурабаса, атүгүл кылганын мойнуна албасачы? Андайда эмне кылса болот? Ыйык Китепте: «Ачууңду тый, каарыңды бас»,— деген кеңеш берилет (Забур 37:8). Албетте, биз анын кылган ишине көз жумбайбыз, бирок ошол эле учурда ачууга алдырбашыбыз керек. Андайда Кудай аны өзү жоопко тартарына ишенгенибиз маанилүү (Еврейлер 10:30, 31). Балким, кимдир бирөөнүн айынан дагы деле азап тартып, кыйналып жүргөндүрсүңөр, бирок Кудай убада кылган заманда ушунун баарынан арыларыбызды билүү силерди сооротот (Ышая 65:17; Аян 21:4).

  •   Таарынууга негиз болбосо да кечирүү. Кээде бизди таарынткан кишиге таарынгандын ордуна, таарынганга эч кандай негиз жок экенин моюнга ала билишибиз керек. Ыйык Китепте: «Таарынууга шашпа, анткени таарыныч акылсыздардын көкүрөгүндө уялайт»,— делет (Насаатчы 7:9).

Канткенде кечире алабыз?

  1.   Кечиримдүүлүк эмнени билдирерин эсиңерден чыгарбагыла. Силерден болгон ишке көз жумуу же эч нерсе болбогондой түр көрсөтүү эмес, таарынычты коё берүү талап кылынат.

  2.   Кечиримдүү болуунун пайдасы жөнүндө ой жүгүрткүлө. Таарынычты коё берүү жана кек сактабоо жан дүйнөбүздүн тынч болушуна, ден соолугубуздун чың болушуна жана бактылуу болушубузга өбөлгө түзөт (Накыл сөздөр 14:30; Матай 5:9). Баарынан да маанилүүсү, башкаларды кечирсек, Кудай да биздин күнөөлөрүбүздү кечирет (Матай 6:14, 15).

  3.   Башкаларды түшүнө билгиле. Баарыбыз эле жеткилеңсизбиз (Жакып 3:2). Ката кетиргенибизде башкалардын бизди кечиришин каалайбыз, андыктан биз да таарынткандарды кечире билгенибиз маанилүү (Матай 7:12).

  4.   Акыл-эстүү болгула. Башкалардын катасы анчалык олуттуу болбосо, Ыйык Китептеги: «Көтөрүмдүү болгула»,— деген кеңешке ылайык иш кылганыбыз дурус (Колосалыктар 3:13).

  5.   Создуктурбай иш-аракет кылгыла. Ачууга алдырып, терс сезимдердин терең тамыр алып кетишине жол бербей, дароо кечиргенге аракет кылгыла (Эфестиктер 4:26, 27).