Мазмунун көрсөтүү

Кудайдан тиленсем, жардам береби?

Кудайдан тиленсем, жардам береби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Адамдын Кудайдан тилегени Кудайдын эркине ылайык келсе, ал ага сөзсүз жардам берет. Эгер сиз буга чейин Кудайга кайрылып көрбөсөңүз, анда, балким, Ыйык Китептен айрым адамдардын Кудайдан жардам сурап эмне деп тиленгенин окуп көрөттүрсүз. Мисалы:

  •   «Оо, Жахаба Кудайым, мага жардам бер, мени мээримдүүлүгүң менен сакта» (Забур 109:26).

  •   «Мен болсо бир байкушмун, жакырмын. Оо, Кудай, мага жардамга шашыл» (Забур 70:5).

 Бул сөздөрдү айткан адамдын Кудайга болгон ишеними абдан күчтүү болгон. Бирок Кудай ишеними күчтүүлөрдүн эле эмес, ага таза ниет менен кайрылгандардын баарынын, анын ичинде «жүрөгү жаралангандар» менен «кыйналгандардын» тилегин угат (Забур 34:18).

 Кудай сиздин кыйналып жатканыңызга кайдыгер карабайт. Ыйык Китепте: «Жахаба жогоруда болсо да, момунду көрүп турат»,— деп айтылат (Забур 138:6). Иса пайгамбар болсо бир жолу өзүнүн шакирттерине: «Силердин чачыңардын ар бир талы саналуу»,— деп айткан (Матай 10:30). Кудай сиз тууралуу өзүңүз билбеген нерселерди да билет. Ошондуктан анын жардам сурап тиленгениңизди угарына эч шектенбесеңиз болот (1 Петир 5:7).