Мазмунун көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудайдын Падышалыгы — бул Жахаба Кудай негиздеген өкмөт. «Кудайдын Падышалыгы» асмандан бийлик жүргүзгөндүктөн Ыйык Китепте ал «асман Падышалыгы» деп да аталат (Марк 1:14, 15; Матай 4:17). Кудайдын Падышалыгы көп жагынан адамдардын өкмөттөрүнө окшош болгону менен, алардын баарынан, кайсы жагынан болбосун, жогору турат.

  •   Башкаруучулары. Кудай ал өкмөттүн Падышасы кылып Иса Машаякты дайындаган жана ага бир да өкмөт башчысы ээ боло албай турган бийликти берген (Матай 28:18). Иса Машаяк ал бийликти башкаларга жакшылык кылыш үчүн гана колдонот деп ишеничтүү түрдө айтса болот. Анткени ал өзүнүн ишенүүгө татыктуу, боорукер башкаруучу болорун далилдеген (Матай 4:23; Марк 1:40, 41; 6:31—34; Лука 7:11—17). Ал Кудайдын жетекчилиги астында ар кайсы улуттагы адамдардын арасынан асманда өзү менен кошо «жер үстүнөн падышалык кыла» тургандарды тандап алган (Аян 5:9, 10).

  •   Башкаруу мөөнөтү. Улам-улам алмашып турган адамдык өкмөттөрдөн айырмаланып, Кудайдын Падышалыгы «эч качан кыйратылбайт» (Даниел 2:44).

  •   Букара эли. Кудайдын талаптарын аткаргандардын баары, кайсы элден, кайсы жерден болбосун, Кудайдын Падышалыгынын букара эли боло алат (Элчилер 10:34, 35).

  •   Мыйзамы. Кудайдын Падышалыгынын мыйзамы (же осуяттары) туура эмес иш кылууга тыюу салып эле койбостон, адамды бийик адеп-ахлак нормалары боюнча жашаганга үйрөтөт. Мисалы, Ыйык Китепте: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“. Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят. Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“»,— деп айтылат (Матай 22:37—39). Ушул мыйзамды аткарган адам дайыма башкалардын жыргалчылыгын көздөп иш кылат.

  •   Билим берүү. Кудайдын Падышалыгы өзүнүн жарандарынан бийик адеп-ахлак нормаларына карманууну талап кылып эле койбостон, ошол нормалар боюнча жашаганды да үйрөтөт (Ышая 48:17, 18).

  •   Максаты. Кудайдын Падышалыгынын башкаруучулары элдин эсебинен баюуну көздөбөйт. Кудайдын Падышалыгынын негизги максаты — Кудайдын эркин, анын ичинде Кудайдын жерге байланышкан убадасын жүзөгө ашыруу. Ыйык Китепке ылайык, Кудай жер бетин бейишке айлантып, Кудайды чындап жакшы көргөн адамдардын баарына түбөлүк өмүр берүүнү убада кылган (Ышая 35:1, 5, 6; Матай 6:10; Аян 21:1—4).