Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте Кудайдын сөзү жазылганбы?

Ыйык Китепте Кудайдын сөзү жазылганбы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепти жазгандар Кудайдын сөзүн жазганын айтышкан. Төмөнкү мисалдарга көңүл бурсаңар:

  •  Дөөтү пайгамбар: «Жахабанын руху мен аркылуу сүйлөдү, ал өзүнүн сөзүн менин оозума салды»,— деп жазган (2 Шемуел 23:1, 2).

  •  Ышая пайгамбар: «Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, мындай дейт»,— деп жазган (Ышая 22:15).

  •  Элчи Жакан: «Иса Машаяктын аяны... Кудай ага ушул аянды берди»,— деп жазган (Аян 1:1).