Мазмунун көрсөтүү

Эки башка расадагы адамдардын баш кошушуна Кудай кандай карайт?

Эки башка расадагы адамдардын баш кошушуна Кудай кандай карайт?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудайдын көз алдында бардык адамдар бирдей болгондуктан, ал эки башка расадагы эркек менен аялдын турмуш курушуна тыюу салбайт. Ыйык Китепте бир пайгамбар: «Мен Кудайдын бет карама эмес экенин... туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын түшүндүм»,— деп айткан (Элчилер 10:34, 35).

 Буга карата Ыйык Китепте жазылган дагы башка аяттарга көңүл бурсаңар.

Бардык расадагы адамдар бир атадан тараган

 Бүткүл адамзат — Адам ата менен Обо эненин урпактары. Ыйык Китепте Обо эне «тирүү жандардын баарынын энеси» деп аталат (Башталыш 3:20). Ошол себептен Ыйык Китепте Кудай «бир кишиден бардык элдерди жараткан» деп жазылган (Элчилер 17:26). Андыктан кайсы расадан болбойлу, баарыбыз бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүбүз. Бирок айрым жерлерде башка расадагыларга же коомдо ээлеген абалы боюнча айырмалангандарга карата бейкалыс пикир кеңири жайылган. Андайда эмне кылыш керек?

«Кеңешкендерге акылмандык мүнөздүү»

 Эки башка расадагы адамдардын баш кошушуна карата бардык эле адамдар Кудайдыкындай көз карашта боло бербейт (Ышая 55:8, 9). Ошондуктан эгер болочок жарыңыз башка расадан болсо, аны менен төмөнкү суроолор жөнүндө чогуу ойлонуп көргөнүңөр оң.

  •   Коомчулук тараптан же үйдөгүлөр тараптан каршылык болсо, ал көйгөйдү кантип чечесиңер?

  •   Башкалардын бейкалыс мамилесинен улам пайда болгон кыйынчылыктарды чечүүгө балдарыңарга кантип жардам бересиңер?

 Ушулар туурасында ойлонуп, кеңешип көргөнүңөр бактылуу үй-бүлөлөрдөн болушуңарга шарт түзөт (Накыл сөздөр 13:10; 21:5).