Мазмунун көрсөтүү

Өлүмдөн коркуу сезиминен кантип арылса болот?

Өлүмдөн коркуу сезиминен кантип арылса болот?

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Өлүм адам баласынын душманы болгондуктан, адамдардын андан корккону жана өмүрүн сактап калууга умтулганы табигый нерсе (1 Корунттуктар 15:26). Бирок ар кандай жалган түшүнүктөрдүн, ырым-жырымдардын таасиринен улам пайда болгон коркуу сезими адамды «өмүр бою» кул кылып алат (Еврейлер 2:15). Андыктан өлүм жөнүндөгү чындыкты билсеңиз, жашоонун ырахатын көрүүгө тоскоол кылган коркунуч сезиминен арыла аласыз (Жакан 8:32).

 Өлүм жөнүндөгү чындык

  •   Өлгөн адам эч нерсе билбейт (Забур 146:4). Ыйык Китепте өлүм катуу уйкуга салыштырылат. Ошондуктан өлгөндөн кийин адам кыйналат же азап чегет деп коркуунун кереги жок (Забур 13:3; Жакан 11:11—14).

  •   Өлгөндөр бизге эч кандай зыян келтире албайт. Ал тургай душмандарыбыздын эң күчтүүлөрү да «күчсүз өлүккө» айланышат (Накыл сөздөр 21:16). Ыйык Китепте адам өлгөндө анын «жек көрүүсү да, кызганычы да жок болору» айтылат (Насаатчы 9:6).

  •   Өлүм менен эле баары бүтүп калбайт. Кудай өлгөн адамдарды кайрадан тирилтет (Жакан 5:28, 29; Элчилер 24:15).

  •   Кудай «өлүм болбой» турган заман орноторун убада кылууда (Аян 21:4). Ал убак тууралуу Ыйык Китепте: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деп айтылган. Ошондо баарыбыз өлүмдөн коркуу сезиминен толугу менен арылабыз (Забур 37:29).