Мазмунун көрсөтүү

«Он осуят» деген эмне?

«Он осуят» деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Он осуят — Кудайдын байыркы ысрайыл элине берген мыйзамдары. Бул мыйзамдар «Он сөз» деп да белгилүү. Еврей тилиндеги асе́рет хаддевари́м деген сөздү түзмө-түз которгондо «он сөз» дегенди билдирет. Еврей тилиндеги бул сөздөр Тооратта, Ыйык Китептин алгачкы беш китебинде, үч жолу кездешет (Чыгуу 34:28; Мыйзам 4:13; 10:4). Ал эми бул сөздөр грек тилине де́ка (он) жана ло́гус (сөз) деп которулган жана ал сөздөрдөн «декалог» деген термин келип чыккан.

 Эки таш лоокко жазылган Он осуятты Кудай Муса пайгамбарга Синай тоосунда берген (Чыгуу 24:12—18). Он осуят Чыгуу 20:1—17-аяттарда жана Мыйзам 5:6—21-аяттарда саналат.

 Он осуяттын тизмеси

  1.   Жахаба Кудайга гана кызмат кыл (Чыгуу 20:3).

  2.   Сөлөкөттөргө сыйынба (Чыгуу 20:4—6).

  3.   Кудайдын ысмын жөнү жок колдонбо (Чыгуу 20:7).

  4.   Ишембини ыйык тут (Чыгуу 20:8—11).

  5.   Ата-энеңди сыйла (Чыгуу 20:12).

  6.   Киши өлтүрбө (Чыгуу 20:13).

  7.   Ойноштук кылба (Чыгуу 20:14).

  8.   Уурдаба (Чыгуу 20:15).

  9.   Жакыныңа жалаа жаппа (Чыгуу 20:16).

  10.   Көз артпа (Чыгуу 20:17).

 Он осуяттын тизмелери эмне үчүн айырмаланат?

 Ыйык Китепте ар бир осуятка номур коюлган эмес. Андыктан осуяттар кандай тизмелениши керектигине байланыштуу ар ким ар кандай ойдо. Жогоруда Он осуят адатта көп кездешкен тизме боюнча саналды. Бирок Он осуяттын айрым тизмелери мындан айырмаланат. Кайсылары биринчи, кайсылары экинчи жана кайсылары акыркы дегенге байланыштуу кайчы пикирлер көп кездешет a.

 Он осуят эмне максат менен берилген?

 Он осуят Кудайдын Муса пайгамбарга жаздырган Мыйзамынын бир бөлүгү болгон. Ал Мыйзамда 600дөн ашык осуят бар жана ал Кудай менен байыркы Ысрайылдын ортосунда келишим түзүлгөн убакта берилген (Чыгуу 34:27). Кудай ысрайыл элине, эгер алар Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга баш ийишсе, бейкуттукта жашаарын убада кылган (Мыйзам 28:1—14). Бирок Мыйзам, негизинен, ысрайыл элин Машаяктын келишине даярдоо максатында берилген (Галатиялыктар 3:24).

 Иса Машаяктын жолдоочулары Он осуятка карманышы керекпи?

 Жок. Кудай Мыйзамды, анын ичинде Он осуятты байыркы ысрайыл эли үчүн гана берген (Мыйзам 5:2, 3; Забур 147:19, 20). Исанын жолдоочулары, атүгүл жүйүт элинен болгон жолдоочулары Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга карманууга милдеттүү эмес. Алар андан бошотулган (Римдиктер 7:6) b. Муса пайгамбар жазган Мыйзамдын ордуна Исанын өзүнүн жолдоочуларына үйрөткөн нерселердин баары камтылган «Машаяктын мыйзамы» берилген (Галатиялыктар 6:2; Матай 28:19, 20).

 Он осуят бүгүн да колдонорлукпу?

 Ооба. Анткени Он осуяттан Кудайдын көз карашын билебиз жана аларды изилдөөдөн пайда ала алабыз (2 Тиметей 3:16, 17). Он осуят өзгөрүлгүс, ишеничтүү принциптерге негизделген (Забур 111:7, 8). Чынында, бул принциптердин көбү Жаңы Келишимдеги окуулардын негизи болуп калган (« Он осуяттагы принциптерди Жаңы Келишимден да окууга болот» дегенди карагыла).

 Иса Машаяк Он осуятты камтыган Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзам толугу менен эки негизги осуятка негизделерин айткан. Ал: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“. Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят. Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“. Бүт Мыйзам да, пайгамбарлардын айткандары да ушул эки осуятка негизделет»,— деген (Матай 22:34—40). Иса Машаяктын жолдоочулары Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга карманууга милдеттүү болбосо да, Кудайды жана жакындарын сүйүүгө милдеттүү (Жакан 13:34; 1 Жакан 4:20, 21).

  Он осуяттагы принциптерди Жаңы Келишимден да окууга болот

 Принцип

 Жаңы Келишимдеги аяттар

 Жахаба Кудайга гана кызмат кыл

 Аян 22:8, 9

 Сөлөкөттөргө сыйынба

 1 Корунттуктар 10:14

 Кудайдын ысмын жөнү жок колдонбо

 Матай 6:9

 Ишембини ыйык тут

 Еврейлер 10:24, 25

 Ата-энеңди сыйла

 Эфестиктер 6:1, 2

 Киши өлтүрбө

 1 Жакан 3:15

 Ойноштук кылба

 Еврейлер 13:4

 Уурдаба

 Эфестиктер 4:28

 Жакыныңа жалаа жаппа

 Эфестиктер 4:25

 Көз артпа

 Лука 12:15

a Жүйүттөрдүн салтына ылайык, «Чыгуу 20-бөлүмүнүн 2-аяты биринчи осуят деп, ал эми 3—6-аяттарда жазылгандардын баары бир осуят, башкача айтканда, 2-осуят деп эсептелет» («Жүйүт энциклопедиясы»). Католиктер, тескерисинче, Чыгуу китебинин 20-бөлүмүнүн 1—6-аяттарын бир осуят деп эсептешет. Ушундайча, Кудайдын ысмын жөнү жок колдонбош керектигине байланыштуу осуят экинчи осуят болуп калат. Он осуяттын тизмеси толук болушу үчүн, алар акыркы осуятты экиге бөлүп, жакыныңдын аялына көз артпа жана ага таандык нерселерге көз артпа дегенди эки бөлөк осуят кылып коюшкан.

b Римдиктер 7:7де онунчу осуят «Мыйзамдын» үлгүсү катары айтылган. Бул Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзам өз ичине Он осуятты камтыганын далилдеп турат.