Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепке байланыштуу видеолор. Негизги окуулар

Бул кыска видеолордо төмөнкүдөй суроолорго Ыйык Китептин негизинде жооп берилет: Кудай Жерди эмне үчүн жараткан? Өлгөн кишилер кандай абалда? Кудай эмне үчүн азап-кайгыга жол берүүдө?

Ааламдын Жаратканы барбы?

Ыйык Китепте ааламдын пайда болушу жөнүндө жазылгандарды көптөр туура эмес түшүнөт же жомок деп ойлойт. Ыйык Китепке ишенсе болобу?

Кудай чынында эле барбы?

Кудайга ишенүү акылга сыярлык экенинин далилин көрүп көргүлө.

Кудайдын ысмы барбы?

Кудайдын Кудуреттүү, Жараткан, Теңир деген наамдары бар. Бирок Кудайдын ысмы Ыйык Китепте 7000дей жолу кездешет.

Кудай менен дос болуу мүмкүнбү?

Тарых бою адамдар Жаратканы жөнүндө билүүнү эңсеп келген. Ыйык Китепте жазылгандар бизге Кудайдын досу болгонго жардам берет. Кудай менен дос болуш үчүн алгач анын ысмын билиш керек.

Ыйык Китепти ким жаздырган?

Ыйык Китепти адамдар жазса, анда аны «Кудайдын сөзү» деп атаганга болобу? Ыйык Китепте кимдин ойлору жазылган?

Ыйык Китепте чындык жазылганын кайдан билебиз?

Эгер Ыйык Китепти Кудай жаздырса, ал бардык китептерден айырмаланып турушу керек.

Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?

Биз абдан кооз планетада жашайбыз. Ал күндөн туура алыстыкта жайгашкан, туура градуска жантайган жана туура ылдамдык менен айланат. Кудай эмне үчүн жерди ушундай сонун кылып жараткан?

Жашоонун маңызы эмне?

Бакыттын ачкычы эмне? Жашоо маңыздуу болуш эмне кылсак болот?

Адам өлгөндө эмне болот?

Ыйык Китепте Кудайдын келечекте көптөгөн адамдарды тирилтүүнү убада кылганы жазылган.

Иса Машаяк Кудайбы?

Иса Машаяк Кудурети күчтүү Кудайбы? Же Кудай жараткан өзгөчө периштеби?

Иса пайгамбар эмне үчүн өлгөн?

Кылымдардан бери миллиарддаган адамдар өлүмгө моюн сунуп келет. Бирок Исанын өлүмү өзгөчө мааниге ээ болгон. Мунун маани-маңызы бар беле?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Иса пайгамбар жерде кызмат кылып жүргөндө Кудайдын Падышалыгы жөнүндө көп айтчу. Көп кылымдардан бери анын жолдоочулары ошол Падышалыктын келишин тилеп келишет.

Кудайдын Падышалыгы 1914-жылы башкара баштаган

2 500 жылдан ашык убакыт мурун Кудай дүйнөгө укуругун салып турган бир падышага пайгамбарлык мааниси бар түш көрсөткөн. Ошол пайгамбарлык бүгүн аткарылып жатат.

Дүйнө 1914-жылдан бери кыйла өзгөрдү

1914-жылдан бери дүйнөдөгү абалдын жана адамдардын кулк-мүнөзүнүн кескин өзгөрүшү — Ыйык Китепте айтылган «акыркы күндөр» жөнүндөгү пайгамбарлыктын аткарылып жатканына далил.

Табигый кырсыктарды Кудай жибереби?

Табигый кырсыктан жапа чеккен эки аял Ыйык Китептен эмнелерди билгенин айтып берет.

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Көптөр: «Эмне үчүн бул дүйнө жек көрүүгө, азап-кайгыга жык толгон?» — деп сурашат. Ыйык Китепте бул суроого так жооп бар.

Диндердин баары эле Кудайга жагабы?

Көптөр кайсы динди тутканың маанилүү эмес дешет.

Сөлөкөттөрдү колдонгонубуз Кудайга жагабы?

Сөлөкөттөр көзгө көрүнбөгөн Кудайга жакындаганга жардам бере алабы?

Кудай тиленген адамдардын баарын угабы?

Кудай өз кумарын канааттандыргысы келген кишинин каалоосун аткарабы? Жубайына жаман мамиле кылып, эртеси Кудайдан батасын беришин сураган кишинин тилегин кабыл кылабы?

Кудайдын никеге карата көз карашы кандай?

Кудай силердин никеде бактылуу болушуңарды каалайт. Ыйык Китептеги жакшы кеңештер көп жубайларга жардам берди.

Порнография көрүү Кудайдын алдында күнөөбү?

«Порнография» деген сөз Ыйык Китепте кездешеби? Кудайдын порнографияга карата ою кандай экенин кайдан билсек болот?