Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Күмүш зоотчон сахара кумурскасы

Күмүш зоотчон сахара кумурскасы

САХАРА КУМУРСКАСЫ ысыкка чыдамдуу жаныбарлардын бири катары белгилүү. Ал анын душмандары так төбөгө келип кайнап турган күндөн качып көлөкөлөп жаткан учурда азык издеп бир азга уясынан чыгат да, ысыктан өлүп калган башка курт-кумурскаларды табыш үчүн тызылдап жөнөйт.

[50] мкм

Көңүл бурсаңар: Кызыктуусу, сахара кумурскасынын ысыктан коргогон «зооту» бар. Аны күндүн аптабынан жонун жана эки капталын каптаган түкчөлөрү, ошондой эле курсагынын түгү жок, жылмакай болгону сактайт. Кумурсканы күмүштөй кылып жаркыраткан ал түкчөлөр (1, 2) үч кырдуу түтүк сымал формада (3). Анын үстүнкү эки бети микроскоптук бүртүкчөлөр менен капталса, астыңкы бети жылмакай келет. Анын мындай түзүлүшү эки милдетти аткарат. Биринчиден, күндөн бөлүнүп чыккан көзгө көрүнбөгөн жылуулук нурларын чагылдырат. Экинчиден, кумурска сиңирип алган ысыкты таратат. Ал эми анын түксүз көкүрөк жана курсак бөлүгү ысык кумдан бөлүнүп чыккан жылуулук нурларын чагылдырат *.

[10] мкм

Сахара кумурскасынын ушул «зооту» анын дене табынын эң жогорку көрсөткүчтөн — 53,6 градустан — ашпашына шарт түзөт. Бул кымындай жандык окумуштууларга желдеткичсиз же дагы башка шаймансыз эле өзүн муздатып, муздакты сыртка чыгарбай турган материалдарды ойлоп табууга түрткү берүүдө.

Кандай деп ойлойсуңар? Сахара кумурскасынын мындай «зооту» эволюциянын аркасында пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?

^ 4-абз. Кумурсканын денесиндеги катуу ысыкта да түзүлүшү өзгөрбөгөн белоктор, ысык кумдан бийик кармап турган жана бат чуркаган узун буттары, уясына тез кайтып келүүгө шарт түзгөн багыт көрсөткүчү да ысыкка чыдамдуулугун арттырат.