Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Кумурсканын моюну

Кумурсканын моюну

МЕХАНИК-ИНЖЕНЕРЛЕР кадимки кумурсканын өзүнөн канча эсе оор жүктү көтөрө аларына таңданып келишет. Мунун сыры эмнеде экенин билиш үчүн Огайо университетинин (АКШ) инженерлери кумурсканын анатомиясын, физикалык өзгөчөлүктөрүн жана кыймыл-аракетин туурап, компьютердик моделдерди жасашкан. Алар компьютердик микротомографиянын жардамы менен жасалган. Алардын аркасында кумурска жүк көтөргөндө канча күч сарптаары аныкталган.

Кумурска оозу менен жүк ташыганда мойнуна күч келет. Ошондуктан анын моюну анатомиясынын өзгөчө бөлүгү деп айтууга болот. Кумурсканын мойну башы менен денесинин панцирин бириктирип турган жумшак ткандардан турат. Бул эки колдун манжаларын бири-бирине киргизип, бириктирип тургандагыга окшош. Изилдөөчүлөрдүн бири: «Кумурсканын моюнунун бекем болушуна жумшак ткандар менен катуу панцирдин бириккен түзүлүшү таасир этет. Сыягы, кумурсканын оор жүктү көтөрүшүн мойнунун так ушундай өзгөчө түзүлүшү шарттайт»,— дейт. Окумуштуулар кумурсканын моюнун жакшылап изилдөөнүн аркасында роботтордун механизмин жакшыртууга өбөлгө түзүлөт деп үмүттөнүшөт.

Кандай деп ойлойсуңар? Түзүлүшү татаал, бекем бириктирилген кумурсканын моюну өзүнөн өзү жаралганбы? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?