Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТИЛ ТОСМОСУН ТАЛКАЛОО

Эзелки тосмону талкалоо

Эзелки тосмону талкалоо

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ тилдердин көптүгү — учурдагы 7 000дей тил — соода-сатык, билим алуу жана башкаруу тармагында, ошондой эле жол жүрүүдө көптөгөн кыйынчылык туудуруп келет. Бул эзелтен бери келаткан көйгөй. Мисал келтирсек, мындан 2 500 жылдай мурун, Акашберош (кыязы, Ксеркс I) падышалык кылып турган маалда, персиялыктарга «Индиядан Эфиопияга чейин жайгашкан жүз жыйырма жети дубандын ар бирине өз ариби менен, ар бир элдин өз тилинде» жазылган буйруктарды жеткирүүгө туура келген *.

Бүгүнкү күндө көптөгөн уюмдар, алтургай өкмөттөр да көп күчтү талап кылган, бирок мактоого арзырлык ушу сыяктуу ишти кылууга аракет кылышпайт. Ошентсе да бул жагынан ийгиликтүү иш жүргүзүп жаткан бир уюм бар. Жахабанын Күбөлөрү журналдарды, аудио-видеолорду, китептерди, анын ичинде Ыйык Китепти жалпы жонунан 750дөн ашуун тилде чыгарышат. Бул өз ичине 80дей жаңдоо тилин да камтыйт. Жахабанын Күбөлөрү көзү көрбөгөндөр үчүн да Брайл арибиндеги ар кыл адабияттарды чыгарууда.

Эң негизгиси, Жахабанын Күбөлөрү кылып жаткан иши үчүн акы алышпайт. Котормочулар да, аларга жардам бергендер да өз ыктыяры менен кызмат кылышат. Алар эмне үчүн адабияттарды көп тилге которууга ушунча күч жумшап келишет жана аларды кантип которушат?

^ 3-абз. Ыйык Китептен Эстер 8:9ду карагыла