Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн азап тартабыз, карыйбыз жана өлөбүз?

Эмне үчүн азап тартабыз, карыйбыз жана өлөбүз?

Кудай бизди жараткандыктан, биз анын балдарыбыз. Ал биздин азап тартышыбызды каалабайт. Анда эмне үчүн азап чегебиз?

Биз Адам ата менен Обо эненин айынан азап тартабыз

«Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн» (РИМДИКТЕР 5:12).

Кудай түпкү ата-энебиз Адам ата менен Обо энени ден соолугун чың, акылын жеткилең кылып жараткан. Ал жерге кооз Эйден багын отургузган. Анан Адам ата менен Обо энеге ал бакчаны үй кылып берген. Кудай аларга бардык бактын мөмөсүн жесе болорун, бирок бир эле бакка тийбеши керектигин айткан. Бирок алар Кудайдын тилин албай, күнөө кылышкан (Башталыш 2:15—17; 3:1—19). Ошон үчүн Кудай Адам ата менен Обо энени бакчадан кууп чыккан. Ошондон тартып алардын жашоосу оордогондон оордой берген. Убакыттын өтүшү менен алар балалуу болушкан. Балдары да алардай болуп кыйналып жашап, карып, өлүшкөн (Башталыш 3:23; 5:5). Биз да алардын урпактары болгондуктан ооруйбуз, карыйбыз жана өлүмгө моюн сунабыз.

Жиндердин айынан да азап тартабыз

Бүт дүйнө «Шайтандын бийлиги астында» (1 ЖАКАН 5:19).

Шайтан — Кудайга каршы чыккан көзгө көрүнбөгөн периште (Жакан 8:44; Аян 12:9). Кийин Шайтанга башка периштелер да кошулуп кеткен. Алар — жин-перилер. Ал жаман периштелер бүт күчүн адамдарды адаштырганга жана Кудайдан алыстатканга жумшашат. Алардын таасири менен көп адамдар жаман иштерге барышат (Забур 106:35—38; 1 Тиметей 4:1). Биз кыйынчылык тартып азапка малынганда, Шайтан менен жин-перилердин моокуму канат.

Азап тартышыбызга кээде өзүбүз себепкербиз

«Адам эмнени сепсе, ошону орот» (ГАЛАТИЯЛЫКТАР 6:7).

Ооба, күнөө бизге тукум кууп өткөн. Шайтан да бул дүйнөдөгү адамдарды колдонуп жаман ишке түртүп турат. Бирок кээде азап тартышыбызга өзүбүз күнөөлүү болуп калабыз. Кандайча? Мисалы, туура эмес чечим чыгарып жаман иш кылып алсак, кесепетин сөзсүз тартабыз. Ал эми жакшы иш кылсак, аягы да жакшы болот. Алсак, күжүрмөн эмгектенген, үй-бүлөсүн жакшы көргөн, чынчыл киши жакшы иштеринин үзүрүн көрөт. Натыйжада, үй-бүлөсү да бактылуу болот Ал эми кумарпоз, аракеч жана жалкоо киши өзүн да, үй-бүлөсүн да азапка салат. Ошондуктан Жаратканыбыздын айткандарын уксак, акылдуулук кылган болобуз. Ал биздин көп жакшы нерселерге ээ болушубузду, анын ичинде, «тынчтыгыбыздын мол» болушун каалайт (Забур 119:165).

Акыркы күндө жашап жаткандыктан да азап тартабыз

«Акыркы күндөрдө... адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн,.. ата-энесинин тилин албаган,.. өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген... адамдар болушат» (2 ТИМЕТЕЙ 3:1—5).

Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай эле, азыр адамдар ушундай болуп калышты. Алардын ушундай жүрүм-туруму биздин чынында эле акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды далилдеп турат. Ошондой эле Ыйык Китепте биз жашап жаткан убакта согуш, ачарчылык, жер титирөөлөр жана жугуштуу оорулар болору айтылган (Матай 24:3, 7, 8; Лука 21:10, 11). Ушулардын айынан көптөр азапка малынып, өмүрү менен кош айтышып жатышат.