Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Oleh_Slobodeniuk/E+ via Getty Images

Кудай Жер планетасы жок болбойт деп убада кылган

Кудай Жер планетасы жок болбойт деп убада кылган

«Жер биз ойлогондон да бекем».

Климаттын өзгөрүшүн изилдеген эл аралык окумуштуулардын тобу ушундай бүтүмгө келишкен. Эгер силер Кудайдын адам баласын жакшы көрөрүнө ишенсеңер, анда окумуштуулардын бул бүтүмү табияттагы процесстерди эсиңерге салышы мүмкүн. Кудай ишке киргизген ал процесстер жердин өзүн-өзү калыбына келтиришин шарттайт.

Адамдар жерди болуп көрбөгөндөй кыйратып жатышат. Муну эске алганда, планетабыз калыбына келиши үчүн, табигый процесстердин болушу жетишсиз. Андыктан Кудай сөзсүз чара көрөт. Эмне үчүн минтип айта алабыз?

Жер эч качан жок болуп кетпейт жана көркүнөн кетпей, түбөлүккө турат. Бул жөнүндө кутучадагы аяттардан билсек болот.

  • Планетабызды Кудай жараткан. «Башында Кудай асман менен жерди жаратты» (Башталыш 1:1)

  • Планетабыздын Кожоюну — Кудай. «Жер жүзү жана андагынын баары... Жахабага a таандык» (Забур 24:1)

  • Кудай планетабызды түбөлүккө тургудай кылып жараткан. «Сен жерди бекем пайдубалга орнотконсуң, ал кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө козголбойт» (Забур 104:5)

  • Кудай планетабызда тиричилик түбөлүккө болорун убада кылган. «Жерди калыптап жасаган, аны... куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жараткан чыныгы Кудай» (Ышая 45:18)

  • Кудай адамдар жерде түбөлүк жашайт деп убада берген. «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29)

Кудай жерди адамдар аны кыйратпай, рахаттанып жашагыдай кылып жараткан. Ыйык Китепте айтылгандай, жерди кыйратып жаткандарды Жахаба Кудай өз убагы келгенде жок кылат (Аян 11:18)

Ошондой эле Ыйык Китепте Кудайдын Жер планетасын көздүн жоосун алган бейишке айлантары да жазылган. Ал убакыт келгенде Кудай колун ачып, «бардык тирүү жандардын каалоосун орундатат» (Забур 145:16)

a Жахаба — Кудайдын ысымы (Забур 83:18).