Мазмунун көрсөтүү

Жер жок болуп кетеби?

Жер жок болуп кетеби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жок. Жер планетасы эч качан жок болбойт, өрттөнүп да кетпейт, башка планета менен да алмаштырылбайт. Ыйык Китепте Кудайдын Жерди адамдар анда түбөлүк жашашы үчүн жаратканы жазылган.

  •   «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29).

  •   «Сен [Кудай] жерди бекем пайдубалга орнотконсуң, ал кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө козголбойт» (Забур 104:5).

  •   «Жер... түбөлүктөн түбөлүккө турат» (Насаатчы 1:4).

  •   «[Кудай] жерди калыптап жасаган, аны бекем орноткон, куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жараткан» (Ышая 45:18).

Адамдар жерди жок кылып жибереби?

 Кудай адамдарга жерди булгануудан, согуштардан же башка себептерден улам жок кылып салышына жол бербейт. Тескерисинче, ал жакында «жерди кыйраткандарды кыйратат» (Аян 11:18). Муну ал кантип ишке ашырат?

 Кудай Жерди коргоп-сактоого кудуретсиз болгон адамдык өкмөттөрдүн ордуна жеткилең өкмөтүн, асман Падышалыгын, алып келет (Даниел 2:44; Матай 6:9, 10). Ал Падышалыкты Кудайдын Уулу Иса Машаяк башкарат (Ышая 9:6, 7). Иса жерде жүргөндө табият күчтөрүн башкара аларын көрсөткөн (Марк 4:35—41). Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары Иса жердин жана андагынын баарынын үстүнөн бийлик жүргүзөт. Ал жер бетин жаңылантып, Эйден багындай кылып калыбына келтирет (Матай 19:28; Лука 23:43).

Ыйык Китепте жердин өрттөнүп кетери айтылганбы?

 Жок, антип айтылган эмес. Мындай жаңылыш түшүнүк 2 Петир 3:7деги: «Асман менен жер... отко,.. жок боло турган сот күнүнө сакталып турат»,— деген сөздөрдү туура эмес түшүнүп алгандан келип чыккан. Анда ушул сөздөрдүн маанисин туура түшүнгөнгө жардам берген эки негизги ойго токтололу.

  1.   Ыйык Китептеги «асман», «жер» жана «от» деген сөздөрдүн бир нече мааниси бар. Мисалы, Башталыш 11:1дин шилтемесинде: «Жер бир тилде сүйлөчү»,— деп жазылган. Бул аяттагы «жер» деген сөз адамзат коомун билдирет.

  2.   2 Петир 3:7деги «асман», «жер» жана «от» деген сөздөр эмнени билдирерин анын контекстинен билүүгө болот. 5 жана 6-аяттарда Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон Топон суу аркылуу жок кылынган асман менен жер жөнүндө айтылган. Ошол учурда Жер планетасы эмес, байыркы дүйнө жок кылынган. Тагыраак айтканда, Топон сууда «жер» — зордук-зомбулукчул адамзат коому — жок болгон (Башталыш 6:11). Ошондой эле «асман» — ошол адамзат коомун башкарган адамдар — да жок кылынган. Ошентип, Жер планетасы эмес, ыймансыз адамдар жок кылынган. Ал эми Нух пайгамбар үй-бүлөсү менен аман калган жана Топон суудан кийинки адамдар алардан тараган (Башталыш 8:15—18).

 Топон суу сыяктуу эле, 2 Петир 3:7де айтылган от менен Жер планетасы эмес, ыймансыз адамдардын коому жок кылынат. Кудай «адилдик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жер» болорун убада кылган (2 Петир 3:13). «Жаңы асман» — жаңы өкмөт — тагыраак айтканда, Кудайдын Падышалыгы «жаңы жердин» — жаңы адамзат коомунун — үстүнөн бийлик жүргүзөт. Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында жер бети бейкуттук өкүм сүргөн бейишке айланат (Аян 21:1—4).