Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ден соолук

Ден соолук

Ыйык Китеп медициналык китеп болбосо да, анда ден соолукту чыңдаганга жардам берген принциптер камтылат. Келгиле, алардын айрымдарын карап көрөлү.

ДЕН СООЛУККА КАМ КӨРГҮЛӨ

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, азыктандырып, бапестейт» (Эфестиктер 5:29).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Ушул принципке ылайык, ден соолугубузга кам көрүүгө бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Бир изилдөөдөн ден соолукка байланыштуу көйгөйлөр адамдын жашоо мүнөзүнөн көз каранды болору айкын болгон. Андыктан туура жашоо өткөрүү менен ден соолугуңарды жакшырта аласыңар.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Туура тамактангыла. Пайдалуу азыктар менен тамактангыла, суу көп ичкиле.

  • Көп кыймылдагыла. Бул жаштардын да, карылардын да, атүгүл майыптардын, өнөкөт оорусу барлардын да ден соолугун жакшыртат. Жакындарыңар, доктуруңар көнүгүү жасап турууга үндөшү мүмкүн. Бирок өзүңөр аракет кылганда гана анын пайдасын көрөсүңөр.

  • Жетиштүү уктагыла. Узак убакыт бою уйкусун кандырбай жүрө бергендер олуттуу ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Уктай турган маалда башка иштер менен алек болгондуктан көптөр уйкусун кандырбайт. Бирок жетиштүү уктасаңар, жашооңор бир топ жакшырат.

ЗЫЯНДУУ АДАТТАРДАН АРЫЛГЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланалы» (2 Корунттуктар 7:1).

БУЛ ЭМНЕНИ БИДИРЕТ? Организмибизди тамеки сыяктуу зыяндуу нерселер менен булгабасак, ден соолугубуз чың болот. Тамеки көптөгөн оорулардын, өлүмдүн негизги себеби болуп эсептелет.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Тамекини таштай турган күндү тандап, аны календарга белгилеп койгула. Ага бир күн калганда, тамеки аттуунун баарын, күл салгычтарды, тамеки күйгүзгүчтөрдү жана ага байланышы бар дагы башка нерселерди жок кылгыла. Чылым чеккен адамдар жүргөн жерлерден алыс болгула. Тамекини таштайын деп жатканыңарды ишенген досуңарга айткыла.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ БАШКА ПРИНЦИПТЕР

Силер жакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн биринен Ыйык Китеп сурасаңар болот

КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ КАРМАНГЫЛА.

«Үй кура турган болсоң, кимдир бирөө кулап кетип, үйүңдөгүлөрдүн баары канга забын болуп калбашы үчүн, үйүңдүн үстүнө тегерете тосмо жасап кой» (МЫЙЗАМ 22:8).

АЧУУҢАРДЫ ТЫЯ БИЛГИЛЕ.

«Ким ачууланууга шашпаса, ал кыраакы, ал эми кимдин чыдамы жок болсо, акылсыздыгын көрсөтөт» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 14:29).

АШЫРА ТОЮУДАН КАЧКЫЛА.

«Ашыра тойгондордун арасында болбо» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 23:20).