Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлөлүк жашоо жана достук

Үй-бүлөлүк жашоо жана достук

Көптөргө үй-бүлөсү, достору менен ынак мамиледе болуу кыйынга турат. Келгиле, башкалар менен жакшы мамиледе болууга жардам берген Ыйык Китептеги айрым принциптерге токтололу.

БАШКАЛАРДЫ ОЙЛОГУЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Кимдир бирөөнүн бизге эмне бере аларына эмес, өзүбүз эмне бере аларыбызга көңүл топтосок, аны менен жакшы мамиледе болобуз. Өзүмчүлдүк башкалар менен болгон мамилебизди бузат. Алсак, өзүмчүл адам өмүрлүк жарына ишенимсиздик кылышы мүмкүн. Андан тышкары, колунда болгонуна же билимине чиренгендер менен эч ким достошкусу келбейт. Бир китепте: «Өзүн эле ойлогондор көп көйгөйгө туш болушат»,— делет («The Road to Character»).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Жардам бергиле. Жакшы достор бири-бирине ишенет, жардамга келүүгө даяр. Изилдөөлөргө ылайык, башкалардын камын ойлогондор депрессияга азыраак чалдыгат жана өзүн өзү сыйлоо сезими жогору болот.

  • Боорукер болгула. Боорукер киши башканын кайгысын жүрөгү менен сезе билет. Кимдир бирөөнү какшыктап жүрөгүн оорутпайт.

    Боорукер болсоңор, башкаларга карата туура көз карашта болосуңар. Анын аркасында бейкалыстык кылбай, маданияты же тек-тамыры ар кандай адамдар менен дос боло аласыңар.

  • Убакыт бөлгүлө. Бирөө менен көп убакыт өткөргөн сайын, аны жакшыраак биле бересиңер. Кимдир бирөө менен чындап дос болгуңар келсе, аны тынчсыздандырган, ал үчүн маанилүү болгон нерселер тууралуу сүйлөшкүлө. Кунт коюп уккула. Жүрөгүн өйүгөн нерселерге көңүл бургула. Жакында эле жүргүзүлгөн бир изилдөөдө «маңыздуу пикирлешүү адамдарды бактылуураак кылары» аныкталган.

ДОСТОРДУ ТУУРА ТАНДАГЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат» (1 Корунттуктар 15:33).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Кимдер менен көп убакыт өткөрсөңөр, алар силерге оң же терс таасирин тийгизет. Адамдардын жүрүм-турумун изилдегендер досторубуз жашообузга чоң таасир этерине кошулушат. Алсак, алардын айтканына ылайык, тамеки чеккендер же ажырашып кеткендер менен жакын дос болгондор, алардай болуп тамеки чеге башташы же жубайы менен ажырашкысы келе башташы мүмкүн.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Силерди суктанткан же өрчүткүңөр келген сапаттарга, баалуулуктарга ээ болгон адамдар менен дос болгула. Мисалы, башкаларды урматтап-сыйлаган, сылык, берешен жана меймандос болгондор менен достошконго умтулгула.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ БАШКА ПРИНЦИПТЕР

Жубайларга, өспүрүмдөргө, балдарга жардам бериш үчүн чыгарылган, Ыйык Китепке негизделген видеолорду көргүлө

КӨҢҮЛ ООРУТКАН СӨЗДӨРДҮ АЙТУУДАН КАЧКЫЛА.

«Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 12:18).

БЕРЕШЕН БОЛГУЛА.

«Берешен жан тоюнат» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 11:25).

БАШКАЛАРГА ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛГЫЛА.

«Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла» (МАТАЙ 7:12).