Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Оорудан кантип сактанса болот?

Оорудан кантип сактанса болот?

Биздин организмибиз күн сайын көзгө көрүнбөгөн, үн чыгарбаган душмандар менен согушуп келет. Ден соолугубузга бактерия, мите жана вирус сыяктуу баскынчылар коркунуч туудурат *. Бирок андай согуш жүрүп жатканын билбей деле калышыбыз мүмкүн, анткени баскынчылардын киргени билингенге чейин эле иммун системабыз алардын көбүн организмибизден чыгарып же жок кылып коёт. Ошентсе да кээде алар үстөмдүк кылып кетет. Андайда дары-дармек колдонууга же кандайдыр бир жол менен дарыланууга туура келет.

Миңдеген жылдар бою адамдар микроскоптук жана башка майда организмдердин зыяндуу экени тууралуу эч нерсе билбей келишкен. 19-кылымда гана окумуштуулар микробдордун ооруну чакырарын аныкташкан, ошондон кийин оорудан кантип сактанса болору көбүрөөк маалым болуп калды. Медицинаны изилдеген окумуштуулар ошондон тартып жугуштуу оору, анын ичинде, чечек, полиомиелит менен ооруп калуу коркунучун жок кылышты же кескин түрдө азайтышты. Бирок акыркы маалда сары безгек жана денге лихорадкасы сыяктуу оорулар кайрадан кайрылып келе баштады. Буга эмне себеп болууда?

  • Жыл сайын миллиондогондордун бир жерден бир жерге барышы микробдордун таралышына себеп болот. Бир медициналык журналга ылайык, «өмүргө коркунуч туудурган вирустар» башка өлкөгө саякаттагандар аркылуу тарайт («Clinical Infectious Diseases»).

  • Айрым бактериялардын антибиотиктерге туруктуулугу өрчүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: «Дүйнө жугуштуу ооруну козгогон микроорганизмдердин... кайрадан адамдарды өлтүрө баштаган пост-антибиотик дооруна бет алууда»,— дейт.

  • Көбүнчө жарандык кагылышуулар, жакырчылык өкмөттүн жугуштуу оору менен күрөшүшүнө тоскоолдук кылууда.

  • Көптөр оорудан кантип сактанса болорун билишпейт.

Мындай коркунуч күч алганына карабай, өзүңөрдү да, үй-бүлөңөрдү да коргой аласыңар. Кийинки макаладан атүгүл өнүгүп келаткан өлкөдө жашасаңар да, оорудан сактаныш үчүн эмнелерди кылса болорун биле аласыңар.

^ 3-абз. Микробдордун көбү ооруну чакырбайт. Бул катар макалаларда зыяндуу микроорганизмдер жана башка «баскынчылар» тууралуу айтылат.