Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ООРУДАН КАНТИП САКТАНСА БОЛОТ?

Оорудан сактангыла

Оорудан сактангыла

БАЙЫРКЫ шаарлардын көбү бийик, бекем дубал менен курчалып турчу. Эгер душман дубалдын кичинекей эле жерин тешсе, бүт шаарга коркунуч туулмак. Биздин денебизди да дубал менен курчалган шаарга салыштырса болот. Канчалык сактансак, ошончолук денибиз сак болот. Келгиле, ооруга себеп боло турган беш нерсени жана алардан кантип сактансак болорун карап чыгалы.

1 СУУ

ООРУНУН СЕБЕБИ: Кир суу аркылуу көп сандаган микробдор түптүз эле организмибизге кирет.

САКТАНУУНУН ЖОЛУ: Сактануунун эң жакшы жолу — суу чыккан жердин таза болушуна кам көрүү. Эгер суу таза эмес экенин билсеңер же шектенсеңер, андан ичпегиле жана тишиңерди жуубагыла. Суу жарактуу болушу үчүн тийиштүү чара көргүлө *. Таза сууну капкагы бар таза идишке куюп, сузуп алыш үчүн таза чөмүч колдонгула же оозунан куйгула. Таза сууга колуңарды салбагыла. Суу булагы булганып калбаш үчүн даараткананы анын жанына курбагыла.

2 ТАМАК АШ

ООРУНУН СЕБЕБИ: Зыяндуу организмдер азыктын ичинде же сыртында болушу ыктымал.

САКТАНУУНУН ЖОЛУ: Микробдор бар азык сыртынан жакшы, пайдалуудай көрүнүшү мүмкүн. Андыктан жашылча-жемишти таза жууну адат кылып алгыла. Идиштер, ашканадагы тамак жасаган үстөл таза болушу керек, ошондой эле тамак жасаарда же тамак саларда колду жуу абзел. Айрым азыктагы микробдорду өлтүрүш үчүн белгилүү бир температурада бышыруу керек. Азыктын өңү, даамы өзгөргөнү, жагымсыз жыттанганы — бузулуп калганынын белгиси. Учурда колдонбой турган азыкты, мүмкүн болсо, дароо муздак жерге койгула. Сыркоолоп турганда башкалар үчүн тамак жасабагыла *.

3 КУРТ-КУМУРСКАЛАР

ООРУНУН СЕБЕБИ: Микроорганизмдер курт-кумурскалар аркылуу да жугат.

САКТАНУУНУН ЖОЛУ: Зыяндуу микроорганизмдерди алып жүргөн курт-кумурскалардан сактаныш үчүн алар көп болгон маалда үйдөн чыкпагыла же алардан коргой турган кийимдерди, алсак, шым, жеңдүү кийим кийип жүргүлө. Тордун ичинде уктоо, чачма заттарды колдонуу да абзел. Чиркейдин көбөйүшүнө шарт түзүлбөшү үчүн суу туруп калган идиштерди азайткыла *.

4 ЖАНЫБАРЛАР

ООРУНУН СЕБЕБИ: Жаныбарларда алар үчүн пайдалуу, бирок адамга зыяндуу микробдор бар. Үй жаныбары же дагы башка жаныбар тиштеп же тытып алса, ден соолукка коркунуч туулат. Алардын заң-заарасы да зыяндуу.

САКТАНУУНУН ЖОЛУ: Көптөр жаныбарларды эшикке багат. Үй жаныбарын кармагандан кийин колду сөзсүз самындап жуугула, ал эми жапайы жаныбарларды таптакыр кармабагыла. Эгер кайсы бир жаныбар тиштеп же тытып алса, жараатты таза жууп, дарыгерге кайрылгыла *.

5 АДАМДАР

ООРУНУН СЕБЕБИ: Айрым микробдор оорулуу адам жөтөлгөндө же чүчкүргөндө абага бөлүнүп чыгып, башкага жугат. Тери аркылуу да, алсак, кучакташканда, кол алышканда жугат. Микроорганизмдер эшиктин туткасында, тепкичтин кармагычында, телефондо, башкаруучу пультта, компьютердин экранында жана клавиатурада калышы мүмкүн.

САКТАНУУНУН ЖОЛУ: Сакал алгыч, тиш щётка, сүлгү сыяктуу жеке өзүңөр колдончу буюмдарды башкаларга бербегиле. Жаныбарлардан же адамдардан бөлүнүп чыккан суюктуктан, анын ичинде кандан жана тутумунда кан бар азыктардан алыс болгула. Колду бат-баттан самындап таза жууп туруу пайдалуу экенине маани бербей койбогула. Бул — оору козгогучтардын таралышына бөгөт койгон эң натыйжалуу ыкма.

Мүмкүн болсо, сыркоолоп калганда үйдөн чыкпагыла. АКШдагы ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун айтканына ылайык, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө ооз-мурунду кол менен эмес, жүз аарчы же кийимдин жеңи менен жабуу керек.

Сулайман пайгамбар: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат»,— деген (Накыл сөздөр 22:3). Коркунучтуу илдеттер ушунчалык көбөйгөн азыркы заманда бул кеңешке ылайык иш кылуу абдан орундуу. Андыктан ар кандай дарттан «жашына» алышыңар үчүн жергиликтүү медициналык кызматкерлерден маалымат алып тургула, гигиена эрежелерин сактагыла. Эмесе, денеңерди «курчаган дубалды бекемдеп», оорудан оолак болгула!

^ 6-абз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сууну хлордоп, күнгө коюп дезинфекциялап, кайнатып, чыпкалап тазараак кылса болорун билдирет.

^ 9-абз. Көбүрөөк билиш үчүн бул журналдын 2012-жылдын июнундагы санын карагыла (3—9-б. (ор.)).

^ 12-абз. Безгектен кантип сактанса болорун бул журналдын 2015-жылдын июлдагы санынан окугула (14, 15-б.).

^ 15-абз. Уусу бар жаныбардан жабыркаганда, адатта, тез арада медициналык жардам алуу зарыл болот.