Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тамак-аш коопсуздугунун жана туура тамактануунун жети сыры

Тамак-аш коопсуздугунун жана туура тамактануунун жети сыры

 Эмне жеп жатканыбызга эмне үчүн маани беришибиз керек?

 Саламаттыгыңар көбүнесе эмнени жеп жатканыңардан көз каранды. Тамак-ашыбыздын коопсуздугуна, туура тамактанууга көңүл бурсак, ден соолугубуз чыңдалат. Ал эми туура сакталбаган, зыяндуу тамак-аш жесек, ден соолугубуз бузулат. Муну сапатсыз майдын машинени бара-бара жарактан чыгарганына салыштырса болот. Зыяндуу тамактын кесепети дароо билинбесе да, убакыттын өтүшү менен сөзсүз залакасын тийгизет (Галатиялыктар 6:7).

 Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) отчётуна ылайык, ар бир өлкөдө чала тоюттан жапа чеккендер бар. Ошол эле учурда пайдалуу азык жебегендиктен ашыкча салмак кошкондор да, семирип кеткендер да аз эмес. Дайыма зыяндуу тамактарды жегендер же суусундук ичкендер жүрөк оорусуна, инсультка, кант диабетине, рак оорусуна чалдыгышы мүмкүн. Бир изилдөөдөн начар тамактануунун айынан 2017-жылы, бери дегенде, 11 миллион киши каза тапканы аныкталган. ДССУнун эсептөөсү көрсөткөндөй, бузулган тамак жегени үчүн күнүнө 1 000ден ашуун киши өмүрү менен кош айтышат. Ал эми жүз миллиондогон кишилер ар кандай ооруларга чалдыгышат.

 Ыйык Китепте ден соолугубузга олуттуу көңүл бурушубуз керектиги айтылат. Анда Кудай «өмүрдүн булагы» экени жазылат (Забур 36:9). Өмүр — бул Кудайдын берген белеги. Өзүбүздүн, үй-бүлөбүздүн ден соолугуна кам көрсөк, ушул белек үчүн ыраазы экенибизди көрсөтөбүз. Ан үчүн эмне кылсак болорун карап көрөлү.

 Тамак-ашыбыз коопсуз болушу үчүн...

 1. Тазалыкты сактагыла.

 Эмне үчүн? Анткени бузулган тамактагы жана кир суудагы микробдор a организмиңирге кирип, ар кандай ооруларга чалдыктырат.

 Адистердин кеңеши:

  •   Тамак жасаар алдында колуңарды самындап жуугула b. Бери дегенде, 20 секунда жышкыла. Колуңардын астын-үстүн, салааларды, тырмактарыңардын астын жууганды да унутпагыла. Андан соң таза чайкап, жакшылап кургаткыла.

  •   Тамак жасаганда колдонулган тактайларды, идиштерди жана башка нерселерди идиш жуучу каражат менен жуугула. Бышкан тамак-аш менен чийки азыктарга бир эле тактайды колдонбогула.

  •   Жашылчаларды, мөмө-жемиштерди жакшылап жуугула. Эгер силердин аймакта жерди семиртиш үчүн малдын кыгы, адамдын заңы колдонулса, жашылча-жемиштерди сөзсүз дезинфекциялагыла.

 2. Чийки азыктар менен бышкан тамак-ашты аралаштырбагыла.

 Эмне үчүн? Себеби чийки азыктардагы, мисалы, эттеги жана анын суусундагы микробдор башка тамак-ашты бузат.

 Адистердин кеңеши:

  •   Дүкөндөн азык-түлүк алганда бышкандарын өзүнчө, чийкилерин, өзгөчө, этти өзүнчө баштыкка салгыла. Үйгө алып келгенден кийин да аларды өз-өзүнчө койгула.

  •   Чийки этти туурагандан кийин колуңарды, бычакты жана тактайды жакшылап жуумайынча башка нерселерди туурабагыла.

 3. Тамакты тийиштүү температурада бышыргыла.

 Эмне үчүн? Тамак жогорку температурада даярдалганда гана зыяндуу микробдор өлөт.

 Адистердин кеңеши:

  •   Тамакты аябай ысык деңгээлге чейин жеткиргиле. Тамак, өзгөчө, эттин ортосу жакшы бышышы үчүн, 70 градуста, жок эле дегенде, 30 секунд бышыргыла.

  •   Суюк тамактарды кайнаткыла, коюу тамактарды жетиштүү деңгээлде демдегиле.

  •   Жылытма тамактарды буу чыкканга чейин катуу ысыткыла.

 4. Тамак-ашты туура температурада сактагыла.

 Эмне үчүн? Анткени тамак-аш 5тен 60ка чейинки градуста туруп калса, 20 мүнөттүн ичинде эле бактериялардын саны эки эсе көбөйүп кетет. Андан тышкары, чийки этти тийиштүү температурада сактабаса, айрым бактериялар токсиндерди бөлүп чыга баштайт. Ал бактериялар болсо тамак бышканда да өлбөйт.

 Адистердин кеңеши:

  •   Жей турган тамагыңарды жылуу сактабагыла. Аны же ысык, же муздак сактагыла. Бул микробдордун көбөйүшүнө бөгөт коёт же аларды азайтат.

  •   Тамакты бөлмө температурасында 2 сааттан ашык сактабагыла. Ал эми бөлмөдөгү температура 32 градустан жогору болсо, 1 сааттан ашык сактаганга болбойт.

  •   Жаңы жасалган тамакты ысык бойдон бергиле.

 Туура тамактаныш үчүн...

 1. Күнүгө түрлүү мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жегиле.

 Мөмө-жемиштер менен жашылчалар ден соолугубузга зарыл болгон витаминдерге, минералдарга жана башка элементтерге бай. ДССУ кеңеш кылгандай, адам күн сайын, жок эле дегенде, 400 грамм мөмө-жемиш жана жашылча жеши керек. Буларга курамында крахмал бар картошка сыяктуу тамыр жемиштер кирбейт.

 2. Малдын майын, суу майды өтө көп колдонбогула.

 ДССУ куурулган, консерванттар кошулган, тоңдурулган же ышталган тамак-ашты көп жебегенге чакырат. Анткени аларга ден соолукка зыян алып келген майлар көп өлчөмдө кошулат. Мүмкүн болсо, тамак-ашты рафинаддалбаган өсүмдүк майына c бышыргыла. Ал рафинаддалган майга караганда алда канча пайдалуу.

 3. Туз менен шекерди чеги менен колдонгула.

 ДССУнун сунушуна ылайык, чоң кишилер күнүнө бир чай кашыктан ашык туз жебеши жана 60 миллилитрден (12 чай кашыктан) ашык шекер d жебеши керек. Өндүрүлгөн тамак-аштын, суусундуктардын көбүнүн негизги курамын шекер түзөт. Мисалы, 355 миллилитр суусундукта орто эсеп менен 50 миллилитр (10 чай кашык) шекер болот. Таттуу суусундукта калория көп болгону менен, пайдалуу азыктар аябай аз же таптакыр эле жок.

 Ыйык Китепте: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:3). Тамактанууда акыл-эстүү болсоңор жана зарыл болсо, айрым нерселерди өзгөртсөңөр, Кудай берген өмүр белегин жана ден соолукту баалай турганыңарды көрсөтөсүңөр.

 Кеңири тараган жаңылыш ойлор

 Жаңылыш ой: «Көрүнүшү, жыты, даамы жакшы болсо, ал тамакты коркпой эле жей берсе болот».

 Факт: 1 литр суу киргилт көрүнүшү үчүн 10 миллиарддан ашуун бактерия керек. Ал эми ооруга чалдыкканга 15—20 зыяндуу бактерия эле жетиштүү болот. Ичкен тамагыңар, суусундугуңар коопсуз болуш үчүн туура температурада даярдагыла жана сактагыла. Жасалгандан кийин ысык бойдон бергиле. Ошондой эле сунуш кылынган мөөнөттөн ашык сактабагыла.

 Жаңылыш ой: «Чымындардын зыяны жок».

 Факт: Чымындар заң-заара сыяктуу жийиркеничтүү нерселер менен азыктанат, ошондой жерлерде көбөйөт. Ошон үчүн оору козгогон миллиондогон бактерияларды бутуна жармаштырып алышат. Андыктан чымындар тамак-ашка конбошу үчүн, анын үстүн жакшылап жаап койгула.

 Жаңылыш ой: «Мен узак убакыттан бери туура эмес тамактанып жүрөм. Андыктан туура тамактанып баштасам деле ден соолугум жакшырбайт».

 Факт: Изилдөөчүлөр аныктагандай, эгер адам туура тамактана баштаса, мезгилсиз өлүмгө дуушар болуу ыктымалдуулугун азайта алат. Туура тамактануу адатына канчалык көп убакыт карманса, анын үзүрүн ошончолук көпкө чейин көрөт.

a Микробдор же микроорганизмдер аябай кичинекей болгондуктан микроскопсуз көзгө көрүнбөйт. Аларга бактериялар, вирустар жана мителер кирет. Кээ бир микроорганизмдер организмибиз үчүн зарыл. Бирок зыяндуулары ден соолугубузду талкалайт, атүгүл өлүмгө алып келет.

b Суунун өзүнө караганда самын суу микробдорду жакшыраак кетирет.

c Рафинаддалбаган майлар суюк болот жана бөлмө температурасында коюуланып кетпейт.

d Бул жерде айтылган шекер өндүрүүчү же ашпозчу тамак-ашка, таттуу-паттууга же суусундукка кошкон шекердин баарын билдирет. Аларга кум шекер, бал, сироптор жана мөмө-жемиштердин ширеси кирет. Андай шекерлерге мөмө-жемиштердеги, жашылчалардагы жана сүттөгү табигый шекер кирбейт.