Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Безгек жөнүндө эмнени билишибиз керек?

Безгек жөнүндө эмнени билишибиз керек?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, 2013-жылы 198 000 000дон ашык киши безгек оорусун жуктурган, алардын ичинен, болжолу, 584 000 кишиси каза тапкан. Алардын 80 пайыздайы 5 жашка чыга элек балдар болгон. Учурда бул оору дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн өлкөлөрдө жана аймактарда 3,2 миллиард адамдын өмүрүнө коркунуч туудурууда.

1 БЕЗГЕК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Безгек — бул мителер пайда кылуучу жугуштуу оору. Анын белгилерине: дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу, тердөө, баш оору, дененин оорушу, жүрөктүн айланышы, кусуу кирет. Бул белгилер, козгогуч митенин түрүнө жана кишинин ооруну качан жугузганына жараша, кээде эки-үч күн (48—72 саат) сайын кайталанышы мүмкүн.

2 КАНДАЙЧА ЖУГАТ ЖАНА ӨРЧҮЙТ?

  1. Безгекти плазмодия митеси пайда кылат. Ал кишинин организмине анофелес деп аталган чиркейдин ургаачысы чакканда кирет.

  2. Мителер кан агымы менен боорго барып, көбөйө баштайт.

  3. Боор клеткалары жарылганда, мителер канга өтүп, эритроциттерге кирет жана ал жактан да көбөйөт.

  4. Эритроциттер жарылганда, мителер башка эритроциттерге кирет.

  5. Бул процесс уланып, кайталана берет. Безгектин белгилери адатта эритроциттер жарылган сайын байкалат.

3 САКТАНУУНУН ЖОЛДОРУ

Безгек кеңири жайылган жерде жашасаңар:

  • Чиркейлерден коргогон тор алачыктын ичине уктагыла.

    • Торго чиркейге каршы заттарды чачып койгула.

    • Тордун айрылган жерлери болбошу керек.

    • Тордун этек жагын төшөктүн астына кымтып койгула.

  • Үй ичине чиркейге каршы заттарды чачып тургула.

  • Мүмкүн болсо, эшик-терезеге тор тагып койгула жана бөлмөгө чиркейлерди кондурбаш үчүн кондиционер, желдеткич колдонгула.

  • Денени толугу менен жапкан, ачык түстөгү кийим кийгиле.

  • Бадалдар жыш өскөн жерде адатта чиркейлер көп болот, ошондой эле алар туруп калган суу бар жерде көбөйүшөт. Андыктан андай жерге барбаганга аракет кылгыла.

  • Эгер безгек жуктуруп алсаңар, дароо дарылангыла.

Безгек кеңири жайылган жерге барганы жатсаңар:

  • Тийиштүү маалымат чогулткула. Безгекти козгогон мите ар кайсы аймакта ар кандай болушу мүмкүн. Ошондуктан ага каршы ар жерде ар башка дарылар колдонулат. Ошондой эле ден соолугуңарга байланыштуу керектүү нерселерди билип алыш үчүн көрүнүп жүргөн доктуруңар менен сүйлөшүп алганыңар оң.

  • Ал жакка барганда безгек кеңири жайылган жерде жашагандар үчүн жазылган жогорудагы кеңештерди колдонгула.

  • Эгер безгек жуктуруп алсаңар, дароо дарылана баштагыла. Безгектин белгилери аны жуктургандан кийин 1 жумадан 4 жумага чейинки убакыт аралыгында байкалат.