Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТУРМУШ АГЫМЫНА ТУРУШТУК БЕРҮҮ МҮМКҮНБҮ?

Турмуш кыстабаган убак келеби?

Турмуш кыстабаган убак келеби?

БҮГҮНКҮ күндө телегейи тегиз бир да киши жок. Баарыбыз эле кыйынчылыкка кабылабыз. Андайда өзүбүздү таштап салбоонун эң жакшы жолу — кандай жагдай болбосун, аны кабыл алууга үйрөнүү жана колдон келгенин кыла берүү. Эгер күтүүсүз жагдайлардын болуп кеткенине карабай өз турмушуңардын тизгинин кайрадан колго ала алсаңар, анда жакшы. Ал эми жагдайыңар жакшы жакка өзгөрсө, андан бетер жакшы. Бирок эң жакшысы алдыда.

Ыйык Китепте адамдар жагымсыз жагдай-шарттардан улам кыйналып-кысталбай турган заман келери айтылган. Ал заман келгенде, адамзат көңүл чөгөргөн кыйынчылыктардан, турмуштун ар кандай кысымынан, терс сезимдерден сырткары болуп, жашоодон чындап канааттануу алышат (Ышая 65:21, 22). Ыйык Китепте андай жашоо «чыныгы жашоо» деп аталат (1 Тиметей 6:19).

«Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар үйлөрүн башка бирөө жашасын деп курушпайт, жүзүмдөрүн башка бирөө жесин деп отургузушпайт. Анткени менин элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот, менин тандап алгандарым өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт» (Ышая 65:21, 22).