Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТУРМУШ АГЫМЫНА ТУРУШТУК БЕРҮҮ МҮМКҮНБҮ?

Көйгөй: терс сезимдер

Көйгөй: терс сезимдер

БАЛКИМ, кандайдыр бир себептерден улам кайгы, ачуулануу же таарыныч сыяктуу сезимдердин чеңгелинен чыга албай жүргөндүрсүңөр. Эгер ошондой болсо, маанилүү иштерге убакыт да, көңүл да бөлө албай калышыңар мүмкүн. Андайда эмне кылса болот? *

БАЙЫРКЫ УБАКТАГЫ МИСАЛ

Дөөтү пайгамбардын да аябай көңүлү чөгүп, тынчсызданып, кайгыга баткан учурлары болгон. Ага багынбаганга эмне жардам берген? Ал бардык көйгөйүн Кудайга тапшырган (1 Шемуел 24:12, 15). Ошондой эле кандай сезимде болуп жатканын сүрөттөп жазган. Андан сырткары, Кудайга бекем ишенгендиктен ага бат-баттан кайрылып, тиленип турган *.

УЧУРДАГЫ МИСАЛ

Башында айтылгандай, Грегори коркуу неврозу менен күрөшүп келет. Ал: «Жөндөн жөн эле коркуу сезими пайда болуп, көпкө чейин кетпей туруп алчу»,—дейт. Грегориге эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Мага жубайым, досторум аябай жардам берди. Ошондой эле адистерге кайрылдым жана оорума байланыштуу көбүрөөк маалымат алдым. Ошого жараша жашоомдогу айрым нерселерди өзгөрткөндөн кийин ооруга багынбай, өзүмө өзүм ээ боло баштаганымды байкадым. Азыркы учурда коркуу сезиминен арылбасам да, анын эмне себептен пайда болорун жана андайда эмне кылыш керектигин билем».

«Шайыр жүрөк — дарыдай даба» (Накыл сөздөр 17:22)

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Эгер терс сезимдерден арыла албай жатсаңар, төмөнкү кеңештерди колдонуп көргүлө.

  • Сезимдериңерди жазып тургула.

  • Туугандарыңар же досторуңар менен сүйлөшүп, сезимдериңер менен бөлүшкүлө.

  • Эмне үчүн ушундай сезимде болуп жатканыңарды талдагыла. Мисалы: «Терс сезимде болгонго жана анын күчөтө бергенге негиз барбы?» — деп ойлонуп көргүлө.

  • Коркуу, ачуулануу же таарынуу сыяктуу сезимдерге алдырбагыла. Андан көрө, күчүңөрдү пайдалуу нерселерге жумшагыла *.

Жыйынтык: Көп учурда терс сезимдер кайсы бир жагдайдын натыйжасында эмес, биздин ошол жагдайга болгон көз карашыбыздан улам пайда болот.

^ 3 абз. Айрым учурларда терс сезимдер кайсы бир оорунун кесепети болушу мүмкүн. Андайда доктурга кайрылуу кажет. «Ойгонгула!» журналы дарылануунун кайсы бир ыкмасын колдобойт. Дарылануунун кайсы жолун тандоону ар ким жеке жагдайын эске алып өзү чечет.

^ 5 абз. Ыйык Китептеги забурлардын көбүндө Дөөтү пайгамбардын Кудайга жалынып-жалбарганы жазылган.

^ 13 абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Күзөт мунарасы» журналынын 2015-жылы 1-июлда чыккан санындагы «Сарсанаанын дабасы барбы?» деген макаланы карагыла.