Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кампасы шарапка толгон Молдавия

Кампасы шарапка толгон Молдавия

Кампасы шарапка толгон Молдавия

МОЛДАВИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

МОЛДАВИЯНЫН баш калаасы Кишинёвдун чет-жакасынан орун алган Крикова шаарынын алдында, 80 метрдей тереңдикте, узундугу 120 километрге жеткен чоң үңкүр бар. Бир кездерде ошол караңгы үңкүрдөн акиташ теги алынчу экен.

Ошол жер астындагы ным баскан эски үңкүр акыркы 50 жылдын ичинде Европанын түрдүү мыкты шараптары сакталган кампага айланган. Андагы шарап куюлган челектер менен бөтөлкөлөрдүн катарлары 60тан ашуун километрге созулат. Жалпы жону, бул жерде 350 миллион литрге жакын шарап сакталуу. Криковадагы бул кампа түштүк-чыгыш Европанын шарап сакталуучу кампаларынын эң ириси болуп эсептелет!

Байыркы салттын уланышы

Молдавияда жүзүм жакшы өсөт. Топурагы күрдүү, күнөстүү Молдавия Жердин Франциянын шарап чыгаруу боюнча атагы чыккан Бургундия аймагы жайгашкан паралелинен орун алган. Молдавияда тээ байыртан, б.з.ч. 300-жылы грек соодагерлери өлкөгө алгач жүзүм алып келгенден тартып, шарап жасалып келет. Кийинки жүз жылдыктарда да готтор менен гунндардын жана башка көптөгөн феодалдардын үстөмдүгүнө карабастан, өлкөнүн шарап жасоо иши өнүгө берген.

Осмон империясы үстөмдүк кылып турган маалда, XVI кылымдан XVIII кылымга чейин, андагы диний көзкараштар шарап жасоо ишине бөгөт болгон. Ал эми XIX кылымда Молдавия Россия империясынын курамына киргенде, орус падышалары шарап чыгаруу өндүрүшүн жигердүүлүк менен колдоого алышат. Алардын Франциядан жүзүмдүн бир нече сортун алып келиши менен Молдавияда шарап чыгаруу иши кайрадан күч алып, өсүп-өнүгө баштайт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Советтер Союзу — Молдавиянын жаңы «бийи» — шарап чыгаруу өндүрүшүн заманга ылайык жаңыртууга киришкен. Бара-бара Молдавия жалпы Советтер Союзу үчүн шарап чыгарып, мөмө-жемиш берген мамлекеттик борборго айланган. Алиги эски үңкүрдүн ичиндеги шарт жогорку сапаттуу шараптарды сактоого абдан ылайыктуу экенин советтик шарап чыгаруучулар байкашкан. Эмесе, азыр ошол өзгөчө шарап кампага барып, шарап сактоонун сырларынан билип келели.

Жер астындагы «шаардын көчөлөрүндө»

Шарап чыгарылуучу жайга келип жеткенде алгач акиташ тектүү дөбөдөн чегилип жасалган мунара көзгө урунду. Ал шале стилинде, француз айыл үйлөрүнүн үлгүсү боюнча, салынган экен. Аны карап туруп, алдында зор шарап «шаары» жатканына ишенбей да кетесиң. Башкы дарбазадан бир аз өтүп, үңкүрдүн алптын араандай ачылган оозу сыңары босогосуна келип токтодук. Анын көлөмү, чынында эле, зор экен: тим эле эки чоң жүк ташуучу машине оңой батып кеткидей!

Биз жер алдындагы «шаарга» айдаган машинебиз менен кирдик. Бир аз жол жүргөн соң, бизге экскурсовод кошулду. Анын жардамы болбосо, туш тарапка суналган «көчөлөрдөн», бурулуштардан адашып кетчүдөйбүз.

— Бул жерден алынган акиташ кени эмне кылынган? — деп кызыктык биз.

— Аны менен Кишинёв шаары курулган,— деди экскурсовод аял.— Акиташ деген укмуштуудай курулуш материалы болуп эсептелинет, ал жакшы изолятор, үндү көп өткөрбөйт.

Үңкүрдүн 70 метр тереңинде жарык араң көзгө илээшип, айлана күңүрттөнүп турду. Машинебизди «жолдун тоомуна» келип токтоттук. Караңгы «көчөлөрдүн» четинде чоң-чоң шарап челектери узун кыркаар тартат. «Көчөлөрдү» шараптын түрүнө жараша «Пино», «Фетяска», «Каберне» (булар билген адамды тамшанткан шараптардын айрымдары гана) деп атап коюшкан экен.

Экскурсоводубуз чоң эмен челектер — «тынч» шараптарды, чаканыраак темир челектер шуулдама шараптарды жасоого колдонуларын түшүндүрдү. Биз келгенден бери аз эле адам көрүнгөнүнөн, бул жерде канча адам иштээрин сурасак, аял: «Азыр баш-аягы 300 адам иштеп жатабыз,— деп жооп берди.— Жер астында такай салкын болгондуктан, жылуу кийинип иштөөгө туура келет. Бирок эмгектештерибиз салкын жерде шарап гана эмес, жаштыгыбыз да сакталат деп коюшат, андыктан ага көп кабагым-кашым дешпейт».

Шуулдама шараптардын кандай жасаларын көргөнүбүз да эсте каларлык нерселердин бири болду. Жүздөгөн бөтөлкөлөр оозу ылдый каратылып, 30 градус бурчта жаткырылып коюлуптур. «Кыйшайтып коюлганы чөгүндүлөрүнөн тазалаш үчүн абдан маанилүү,— дейт аял.— Чөгүндүсү тыгынын көздөй чогулуп келгенде, бөтөлкөнүн ооз жагы тоңдурулат. Бул чөгүндүсүн тыгыны менен кошо бат алып салууга мүмкүндүк берет. Анан бөтөлкөнүн оозу кайра бекитилет».

Жүрүп олтуруп маркалуу шараптар сакталуучу жайга жеттик. Биздин экскурсовод сыймыктанып мындай деди: «Бул жерде миллиондон ашуун бөтөлкө маркалуу шарап сакталып турат. Биздин жертөлөдө Европанын шарап чыгарган өлкөлөрүнүн дээрлик барынан алынып келген эң мыкты шараптар бар. Эң эскиси — 1902-жылкы Эврей Пасахы үчүн Иерусалим шарабы — биздин чоң сыймыгыбыз. Ал шарап үчүн мындан бир нече жыл мурун бир атактуу магнат 100 000 доллар сунуш кылган — макул болушкан жок. Ал шарапты баа жеткис деп эсептешкен көрүнөт».

Аялдын айтымында, шарап куюлган бөтөлкөлөр көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкта сакталат. Жарык экскурсия маалында гана, ошондо да, бир нече мүнөткө гана күйгүзүлөт. Биз чаң баскан бөтөлкөлөрдүн этикеткаларын караганга жетишип жаттык — тим эле таң каласың: алардын көбү бизден да «улуу» экен!

Экскурсиябыздын аягында шарап татуучу бөлмөлөргө келдик. Алардын эң кенени президенттик үлпөт залы экен. Ичинде бакыйган эмен үстөл менен 65 отургуч турат. Совет бийлигинин тушунда ушул залда бийликтегилердин расмий үлпөттөрү өткөрүлгөн. Бирок учурда деле бул мыкты жасалгаланган, жарык залда расмий үлпөт-салтанаттар байма-бай өтүп турат экен.

Молдаванча жасалгаланган «Сала Каса Маре» коноктор бөлмөсү 15 адамга ылайыкталыптыр. Ал эми «Сармат көлүнүн түбүндө» деп аталган башка залдагы 10 кишилик тегерек үстөлгө келгендер отуруп, тамак-аш ичип, шарап татып кетишет экен. Өзгөчө ушул бөлмөнүн шыбы кызык: бир кездерде бул жер суу астындагы үңкүр болуптур, ошондуктан азыр да шыбында катып калган моллюскалардын жана башка суу жаныбарларынын калдыктары байкалат. Экскурсоводубуз качандыр бир кездерде Молдавия турган жер «Сармат көлүнүн түбүндө» жатканын белгилеп кетти.

Бул залдардагы бардык эмеректер Молдавиянын өзүндө өскөн эмендерден жасалыптыр. Юрий Гагарин атындагы залдын эмеректери да ошондой. Ал белгилүү космонав 1966-жылы 8, 9-октябрда Крикова шаарында болуп, көргөндөрүнө ушунчалык таасирленгендиктен: «Бул жерден „мен-мен“ деген сынчылар да өзүнө жагарлык шарап табат...» — деп ыраазылык кат жазып кетиптир.

«Жарым кылымдан бери турган Крикова жертөлөсүнө 100дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү келип кетти,— деп сөзүн улайт экскурсовод аял.— Кайра куруу маалына чейин биздин шуулдама шараптар „Совет шампаны“ деген ат менен чыгарылчу. Ошондуктан алардын Молдавиядан чыгарын эл көп билчү эмес. Ал эми азыркы учурда биздин комбинат „Cricova“ деген ат менен ак жана кызыл шуулдама шараптарды чыгарат». Кетерде экскурсоводубузга саякат өткөрүп, кызыктуу нерселерди айтып бергендиги үчүн ырахматыбызды айттык.

Жер алдындагы «шаардан» чыкканда, биз өзүбүздү башка дүйнөгө туш болгондой сездик. Эшикте күн жаркырап тийип, ысып туруптур. Асманда томуктай да булут көрүнбөйт. Биз Кишинёвду көздөй сапар тарттык. Катар-катар сунала, жыйноого даяр болуп бышкан мөмөлөрүнүн салмагынан сабактары ийилген жүзүмзарды карап кетип бараттык...

[25-беттеги карта]

УКРАИНА

МОЛДАВИЯ

РУМЫНИЯ

КИШИНЁВ

[24-беттеги сүрөт]

Криковадагы шарап чыгаруу жайы, кире беришиндеги мунара.

[24-беттеги сүрөт]

120 метрлик жертөлөдөгү «көчөлөрдүн» биринин аты.

[24-беттеги сүрөт]

Шарап жертөлөсүнүн кире бериши.

[24-беттеги сүрөт]

Бул жерде көптөгөн маркалуу шарап сакталуу.