Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тери — адамдын чеби

Тери — адамдын чеби

Тери — адамдын чеби

Байыркы убактарда калааны душмандан коргоо максатында чеп курулчу. Ал, бир жагынан, жоонун басып киришине бөгөт болсо, экинчи жагынан, эл коргогон жоокерлерге ыңгайлуу жайланышып, душманга катуу сокку урууга мүмкүнчүлүк берген. Адамдын да коргогон «чеби» бар: ал — анын териси. Тери адамды кандайча коргойт?

Теринин бетинде сансыз бактериялар менен микроорганизмдер болот. Айрымдары инфекциялар менен ооруларды чакырат. Терибиз чептин эле кызматын аткарбайт. Ал өгөй нерселерден коргогон «жоокерлердин» кызматын аткарган протеиндерди — пептиддерди — иштеп чыгарат, алар болсо микробдорго каршы айыгышкан күрөш жүргүзөт көрүнөт. Алардын кээси күнү-түнү күзөттө турат. Башкалары тери жабыркаганда гана коргоого киришет.

Алгач микробдор менен күрөшүүчү пептиддердин дефензиндер жана кателицидиндер деген эки түрү гана аныкталган, алар «запастагы жоокерлердин» кызматын аткарат. Экөөнү тең, жара же сезгенүү пайда болгондо, теринин сырткы катмарынын клеткалары иштеп чыгарат. Алар зыянкечтердин клетка мембранасын жарып өлтүрөт.

2001-жылы Германиядагы Тюбинген университетинин окумуштуулары микробдорго каршы күрөшүүчү протеиндердин организмде дайым болуучу дермцидин деген дагы бир түрүн ачышкан. Протеиндердин жогоруда айтылган эки түрүнөн айырмаланып, дермцидин дени соо кишинин терисинин тер бездеринде иштелип чыгарылат. Бул протеиндин кандайча иш-аракет жүргүзөрү али аныктала элек. Бирок тердин ооруларга каршы касиети бар экени өтө көп жууна бергендер эмне үчүн ар кандай тери ооруларына жана экземаларга көп чалдыгышарын түшүндүрөт.

Ошентип, байыркы шаардын чеби сыяктуу терибиз организмибизди «душмандардан» коргоп турат. Забурчунун: «Сенин иштериң кандай көп, Теңир! Сен баарын даанышмандык менен жасагансың»,— деген сөздөрү кандай гана калетсиз! (Забур 103:24).