Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дөңгөлөгү жок поезд

Дөңгөлөгү жок поезд

Дөңгөлөгү жок поезд

ГОНКОНГДОГУ КАБАРЧЫБЫЗДАН

САМОЛЁТТКО окшогон жаркыраган поездге түшкөн жүргүнчүлөр башкача сезимди туюшат. Поезд Шанхайдын (Кытай) заманбап станциясынан чыгып, ылдамдыгы акырындык менен жогорулап отуруп саатына 430 километрден ашканда жүргүнчүлөрдүн жүрөгү алып учуп, жагымдуу сезимге бөлөнүшөт. Учурда бул поезд дүйнөдөгү эң тез жүргөн унаалардын бири болуп эсептелет. Ал Пудун эл аралык аэропортуна чейинки 30 километрлик жолду 8 мүнөттө эле басып өтөт. Бирок поезддин таң каларлык өзгөчөлүгү — анын дөңгөлөктөрү жок.

Шанхай-Пудун темир жолу дүйнөдөгү эң биринчи магнит темир жолу болуп эсептелет. Темир дөңгөлөктүү кадимки поездден айырмаланып, мындай поезддин жүрүшү толугу менен магнит талаасынан көз каранды. Анын айдоочусу жок, бирок өзгөчө технология менен жабдылган. Мунун аркасында поезддин кайсы жерде кетип баратканы жөнүндөгү маалымат башкаруучу станцияга үзгүлтүксүз келип турат. Ал эми станциядагы операторлор компьютерлердин жардамы менен поезддин жүрүшүн башкарып турушат.

Кадимки поездден айырмасы

Мындай поездди жана анын жолун куруу көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолгон. Мисалы, поезд темир жолго тийбей бир аз көтөрүлүп турат. Ошондой эле Шанхайдын жер кыртышы борпоң болгондуктан, инженерлер чөгүп кетиши мүмкүн болгон жерлерди эске алып, темир жолдун бириккен жерлерин бекем кылып курушкан. Андан тышкары, бетондун деформацияланышын жана анын температуранын өйдө-төмөн болушунан улам кеңейип-кысылышын эске алышкан.

Бирок магниттик темир жол менен жүргөн поезддин көптөгөн артыкчылыктары бар. Алсак, анын мотору жана дөңгөлөктөрү жок болгондуктан андан кулак тундурган үн чыкпайт жана айлана-чөйрөнү булгаган зыяндуу газдар бөлүнүп чыкпайт. Темир жол да, поезддин шаймандары да тез-тезден оңдоп турууну талап кылбайт. Ал эми үнөмдүүлүк жагын айта турган болсок, ал машинеге салыштырмалуу 3 эсе, самолётко салыштырмалуу 5 эсе аз энергия сарптайт. Кызыктуусу, поезддин жүрүшүнө кеткен энергияга караганда, ичиндеги кондиционерлердин иштешине көбүрөөк энергия жумшалат. Мындан тышкары, поезд чукул бурулуп, тик жерлерге оңой чыга алгандыктан, темир жол курууда жерди түздөөнүн зарылдыгы болгон эмес.

Эгер анын артыкчылыктары ушунчалык көп болсо, анда эмне үчүн андай поезддер көп эмес? Мунун бирден бир себеби аны курууга өтө көп каражат жумшалат. Кытай өкмөтү Шанхай менен Пекинди бириктире турган мындай темир жолду курууну убактылуу токтотуп койгон, анткени чоң ылдамдыктагы поезд жүрө турган кадимки темир жолду курууга караганда, магнит темир жолун куруу эки эсе кымбат түшмөк. Ошондой эле мындай темир жолду Кытайдагы кадимки темир жолдор менен туташтыруу мүмкүн эмес болмок.

Шанхайдагы магнит темир жолу Германиянын технологиясы боюнча курулган. Учурда Германияда, Жапонияда жана башка өлкөлөрдө окумуштуулар мындай поездди курууга байланыштуу изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат. 2003-жылдын декабрында Жапониядагы окумуштуулар саатына 581 километр ылдамдыкта жүрө турган поездди жүргүзүп, сынап көрүшкөн. Бирок азырынча магниттик темир жол менен жүргөн поезддердин ичинен бир гана Шанхайдагы поезд эл ташууда.

Магнит темир жолу менен жүргөн поезд Пудун аэропортунан Шанхайды көздөй бет алганда, жүргүнчүлөр поезддин ылдамдыгы качан эң жогорку чегине жетерин көрүү үчүн ар бир купеге орнотулган ылдамдыкты көрсөтө турган шайманды карап турушат. Жүргүнчүлөр поездге биринчи жолу түшкөндө эч нерсени көрүп жетишпей калгандыктан, ага кайрадан түшүшөт. Алар поезддин учкан куштай зымырап жүрөрүн көргөндө анын «канатсыз самолёт» деп аталганына таң калышпайт.

[16-беттеги кутуча⁄схемалар]

ИШТӨӨ ПРИНЦИБИ

Ар бир купенин «этегине» электрондук жол менен башкарылган электромагниттер (1) бекитилет. Алар темир жолго (2) орнотулган электромагниттер менен өз ара аракеттешип тургандыктан, поезд темир жолго тийбей 1 сантиметрдей көтөрүлүп турат. Башка магниттер (3) поездди капталынан кармап, тең салмактап турат. Ал эми темир жолго поезддин жүрүшүн шарттаган магнит талаасын пайда кыла турган электромагниттин орому (4) жайгаштырылат.

Электр энергиясын үнөмдөө үчүн башкаруучу станциядан электр тогу поезд жолдун (5) поезд жүрө турган аймагына гана берилет. Поезддин ылдамдыгын жогорулатуу керек болсо же ал бийик жерге чыга турган болсо, электр энергиясы адаттагыдан көп берилет. Ал эми поездди токтотуу керек болгондо же артка жүрүшү керек болсо, магниттик талаанын вектору өзгөрөт.

КАНЧАЛЫК КООПСУЗ?

Поезд жогорку ылдамдыкта жүрсө да, анын «этеги» (6) рельсти курчап тургандыктан ооп кетпестен, тең салмакта жүрөт. Поездде коопсуздук курун тагынуунун кереги жок, жүргүнчүлөр поезд жогорку ылдамдыкта кетип баратканда да ичинде ээн-эркин басып жүрө алышат. Электр энергиясы өчүп калган учурда поездди токтотуу үчүн атайын батарейкалар орнотулган. Алар магнит талаасынын векторун карама-каршы багытка багыттап, поезддин ылдамдыгын саатына 10 километрге чейин төмөндөтөт. Ошентип, поезд акырындык менен токтоп, темир жолго «отуруп» калат.

Күчтүү магнит талаасы ден соолукка, мисалы, жүрөктүн согушун жөнгө салып турган электростимулятору бар адамдардын ден соолугуна зыян тийгизеби? Изилдөөлөр көрсөткөндөй, тынчсызданууга себеп жок. Чынында, магниттик темир жол менен жүргөн поезддеги магнит талаасы кадимки поезддеги магнит талаасынан кыйла начар келет.

[16, 17-беттердеги сүрөт]

Саатына 430 километрден ылдам жүрөт

[16-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Pages 16 and 17: All photos and diagrams: © Fritz Stoiber Productions/Courtesy Transrapid International GmbH & Co. KG