Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Канададагы изилдөөчүлөр порнографиянын адамга тийгизген таасири тууралуу изилдөөнү чечишкен. «Биз изилдөөнү 20—30 жаштагы эч качан порнография көрбөгөн кишилерди табуудан баштоону чечтик,— дейт изилдөөгө катышкан бир адис,— бирок андай кишиден бирөөнү да таппай койдук» (МОНРЕАЛДАГЫ УНИВЕРСИТЕТ, КАНАДА).

Дүйнөдөгү эң бийик имараттын, Бурж Халифанын, ачылышы өткөн жылдын январь айында Дубай шаарында болуп өттү. Анын бийиктиги 828 метр жана 160тан да көп кабаттан турат. Аны 95 километр алыстыктан эле көрүүгө болот («GULF NEWS», БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ).

Пикирлешүү жөндөмү өрчүбөгөн балдар

Бүгүнкү күндөгү ата-энелер, мурунку муундун ата-энелерине салыштырмалуу, тамак ичип жаткан маалда балдары менен сүйлөшүүгө жана уктатар алдында аларга китеп окуп берүүгө азыраак убакыт бөлүшөт. Лондондо чыккан «Таймс» гезитинде: «Мектепке жаңыдан бара баштаган балдардын айрымдары 18 айлык балдардай сүйлөшөт жана жөнөкөй эле сүйлөм түзүп сүйлөй албаган балдардын саны барган сайын өсүүдө»,— делет. Улуу Британиядагы «5 жаштагы балдардын 18 пайызынын (100 000ден ашуун бала) сүйлөө деңгээли өзүнүн жашына ылайык келбейт». Алар жөнөкөй эле көрсөтмөлөрдү түшүнбөй, эмнеге муктаж болуп жатышканын түшүндүрүп бере алышпайт жана «чет тилинде сүйлөгөндөргө окшоп», сабакта эмне айтылып жатканын түшүнбөй отура беришет.

Аз уктаган — көп ооруйт

Питтсбургдагы (АКШ, Пенсильвания штаты) Карнеги-Меллон университетинин отчётуна ылайык, «орто эсеп менен сегиз же андан көп саат уктаган кишилерге караганда, жети сааттан аз уктаган кишилерде суук тийип ооруп калуу ыктымалдыгы 3 эсе көбүрөөк». Ал эми түнкүсүн жакшы уктаган кишилерге караганда, «түн уйкусунун 8 пайызын ойгоо өткөргөн кишилерде суук тийип ооруп калуу ыктымалдыгы 5,5 эсеге көп». Изилдөөнү жетектеген Шелдон Кохен мындай дейт: «Уйкунун иммун системасына таасир этери көптөргө маалым. Уйкунун бир аз убакытка болсо да бузулушу иммун системасынын вируска каршы турушун солгундатышы мүмкүн экенинин биринчи далили болуп эсептелет. Бул адамдарга түнкүсүн жакшы уктап, эс алышы керектигин көрсөтүп турат».

Түндүк магнит уюлу жылууда

Францияда чыккан «Фигаро» гезитинде айтылгандай, 1831-жылы түндүк магнит уюлу Канаданын түндүгүндө, тактап айтканда, «географиялык уюлдан 2 750 километрдей алыс» жайгашкан болчу. Ал 1989-жылга чейин жыл сайын 5—15 километрге географиялык уюлду көздөй жылып отурган. Физика илими боюнча Париждеги институттун билдирүүсүнө караганда, түндүк магнит уюлу учурда «жылына 55 километр» ылдамдыкта жылып жатат жана 2007-жылы түндүк магнит уюлу менен географиялык уюлдун ортосундагы аралык 550 километрди эле түзгөн. Эгер түндүк магнит уюлу ушул багытта, ушундай ылдамдыкта жыла турган болсо, уюлдук жаркыроо 2020-жылы «Канадага караганда, Сибирге көбүрөөк көрүнүп калышы мүмкүн»,— делет жогоруда аталган гезитте.