Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биз жөн эле доспузбу же..? 1-бөлүк

Биз жөн эле доспузбу же..? 1-бөлүк

Жаштардын суроолору

Биз жөн эле доспузбу же..? 1-бөлүк

ЖОГОРУДАГЫ СУРООНУ ОКУГАНДА КИМДИР БИРӨӨНҮ ОЙЛОДУҢБУ?

ООБА

АНДА БУЛ МАКАЛАНЫ ДАРОО ОКУП ЧЫК. БУЛ МАКАЛАДА САГА КЕРЕКТҮҮ КЕҢЕШТЕР БАР.

ЖОК

КАНДАЙ БОЛБОСУН, БУЛ МАКАЛАНЫ ОКУП ЧЫК. АНТКЕНИ КАРАМА-КАРШЫ ЖЫНЫСТАГЫ АДАМДАР МЕНЕН ДОС БОЛГОНДО ЭМНЕДЕН КАЧЫШ КЕРЕКТИГИН БИЛЕ АЛАСЫҢ.

Төмөндөгү ой туурабы же туура эмеспи, белгиле:

Турмуш курганга даяр болгонго чейин карама-каршы жыныстагы адамдар менен дос болбошум керек

___ ТУУРА ___ ТУУРА ЭМЕС

Эске алчу нерсе: Иса пайгамбар үйлөнөйүн деген ниети жок болсо да, аял кишилер менен дос болгон (Матай 12:46—50; Лука 8:1—3). Кудайдын Тиметей деген кызматчысы да кыздар менен дос болгон көрүнөт. Себеби элчи Пабыл ага «кыз-келиндерди эже-карындаштарындай» көрүп, аларга «бийик адеп-ахлактуулук менен» мамиле кылышы керектигин айткан (1 Тиметей 5:1, 2).

Тиметей ар кайсы жерлердеги жыйналыштар менен кызматташкандыктан, элчи Пабыл анын көп кыздар менен таанышарын билсе керек (Марк 10:29, 30). Тиметейдин кыздар менен сүйлөшкөнү туура эмес болот беле? Жок. Бирок анын үйлөнөйүн деген ниети жок болгондуктан кыздарга орунсуз мамиле кылбаш үчүн, кимдир бирөөгө сезимин өрчүтүп албаш үчүн же кыздардын сезими менен ойнобош үчүн алар менен мамилелешкенде белгилүү бир чектен чыкпашы керек болчу (Лука 6:31).

Ал эми сен жөнүндө эмне десе болот? Турмуш курам деген ниетиң барбы? Ошого даярсыңбы?

ООБА деп жооп берсең, карама-каршы жыныстагы адамдар менен дос болуунун аркасында түгөйүңдү табышың мүмкүн (Накыл сөздөр 18:22; 31:10).

ЖОК деп жооп берсең, белгилүү бир чек коюп алышың керек (Жеремия 17:9). Бирок мындай кылуу оңой эмес, чынбы? Ооба, бул оңойго турбайт. «Жөн эле дос болуп жүрүш кыйын. Кээде кандай кылган туура болорун билбей каласың»,— дейт 18 жашар Ниа * деген кыз.

Эмне себептен чек коюп алышың керек? Антпесең, өзүңдүн жүрөгүңдү жаралайсың же башкалардын жүрөгүн жаралайсың. Кандайча? Кел, төмөнкүлөргө токтолуп көрөлү.

БИЛИП КОЙ: эгер турмуш курганга даяр болбой туруп кимдир бирөө менен ынак мамиле өрчүтсөң, өзүң кыйналасың же аны кыйнайсың. Кели деген 19 жаштагы кыз мындай дейт: «Мен мындайды эки жолу башымдан өткөрдүм. Биринчи жолкусунда бир балага мен сезимимди өрчүтүп алгам, экинчи жолкусунда башка бир бала мага сезимин өрчүтүп алган. Ошентип, биринчисинде менин жүрөгүм жараланса, кийинкисинде берки баланын жүрөгү жараланды. Ошол учурларды эстесем, азыр деле жаман болуп кетем».

Ойлонуп көр:

Карама-каршы жыныстагы адам менен кандай жагдайларда сүйлөшкөнүң туура? Ал эми кандай жагдайларда сүйлөшкөндөн качканың оң?

Дайыма эле бир адам менен чогуу убакыт өткөрүү эмне үчүн туура эмес? Ал эмне деп ойлоп калышы мүмкүн? Анын ордунда болсоң, сен эмне деп ойлоп калат элең?

«Кээде: „Ал экөөбүз жөн эле доспуз да. Мен аны бир тууганымдай эле көрөм“,— деп өзүмдү өзүм алдап койчумун. Бирок анын башка бир кызга көңүл бура баштаганын көргөндө, ал мага сөз бергенсип, ичимен жаман боло берчүмүн» (Дениз).

Ыйык Китепте мындай делет: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат» (Накыл сөздөр 22:3).

БИЛИП КОЙ: эгер турмуш курганга даяр болбой туруп кимдир бирөө менен ынак мамиле өрчүтсөң, жакшы досуңдан айрылып калышың мүмкүн. 16 жашар Катя деген кыз мындай дейт: «Бир бала экөөбүз SMS жазышып жүрчүбүз. Көп өтпөй ал мага кыз-жигит болуп жүргөндөр жазышчу сөздөрдү жаза баштады. Экөөбүз күн сайын жазышчубуз. Бир күнү ал мени канчалык жакшы көрөрүн, мени менен достон да жакын болгусу келерин айтты. Бирок мен аны дос катары эле көрчүмүн. Ага аны досумдай эле көрөрүмдү айткандан кийин, экөөбүз анда-санда эле сүйлөшүп калдык. Бара-бара дос да болбой калдык».

Ойлонуп көр:

Кимисинин жүрөгү жараланды? Катяныкыбы же баланыкыбы? Ушундай болбошу үчүн, Катя же тиги бала эмне кылышы керек эле?

Кыз менен бала SMS жазышып жатканда бири-бири менен достон да жакын болгусу келип жатканын өздөрү билбей кантип көрсөтүп коюшу мүмкүн?

«Айрым учурларда кайсы бир бала менен өтө көп убакыт өткөрбөш үчүн өзүмдү тыйганга туура келчү. Балдар менен дос болгон аябай жагат, бирок алар менен өтө эле ынак болуп кетип, достугумду бузуп алгым келбейт» (Лаура).

Ыйык Китепте мындай делет: «Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат» (Накыл сөздөр 14:15).

Жыйынтык: карама-каршы жыныстагы адамдар менен мамилелешип, дос болгондун жаман деле жери жок. Бирок турмуш курам деген ниетиң жок болсо, белгилүү бир чектен ашпашың керек.

«ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ» РУБРИКАСЫНЫН ЭМКИ САНЫНДА:

Турмуш курганга даяр болбой туруп кимдир бирөө менен ынак мамиле өрчүтсөң, кадыр-баркыңды түшүрүп алышың мүмкүн. Бул кийинки санда талкууланат.

«Жаштардын суроолору» рубрикасына чыккан дагы башка макалаларды www.watchtower.org/ypu веб-сайтынан таба аласыңар

[Шилтеме]

^ 15-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[12-беттеги кутуча/сүрөт]

Сен эмне кылат элең?

БОЛГОН ОКУЯ. «1500дөн ашуун километр алыс жерде жашаган досум экөөбүз SMS жазышып жүрдүк. Биз жумасына бир жолу жазышчубуз. Ага карата сезимдерим деле жок болчу. Анын да мага карата сезимдери жок болуш керек деп ойлогом. Бир күнү ал мага: „Кандайсың жаным. Мен сени сагынып жатам. Кандай жаңылыктар бар?“ — деп жазып жибериптир. Андан ушундай сөздөрдү жазат деп күткөн эмесмин. Мен ага аны досумдай эле көрөрүмдү, ага карата эч кандай сезимдерим жок экенин жазып жибердим. Ал мага: „Мейли анда“,— деп жазган боюнча экинчи жазган жок» (Жаннет).

● Эгер сенин турмуш курайын деген ниетиң жок болсо же ага даяр эмес болсоң, сага да бирөө Жаннетке жазгандай сөздөрдү жазса, эмне деп жооп берет элең?

● Эгер сен бала болсоң, кандай деп ойлойсуң, Жаннеттин досунун ага жогорудагыдай сөздөрдү жазганы туура болгонбу? Эгер туура десең, эмне үчүн туура? Туура эмес десең, эмне үчүн туура эмес?

● Кандай деп ойлойсуң, сезимдериң бетме-бет сүйлөшкөндө тез өрчүп кетиши мүмкүнбү же SMS жазышкандабы? Эгер бетме-бет сүйлөшкөндө деп жооп берсең, эмне үчүн? Эгер SMS жазышканда деп жооп берсең, эмне үчүн?

[13-беттеги кутуча]

АТА-ЭНЕҢДЕН СУРАП КӨР:

Ата-энеңден «ойлонуп көр» деп жазылган жерлердеги суроолорго эмне деп жооп берерин сурап көр. Алардын ою сеникинен айырмаланат бекен? Эгер айырмаланса, эмнеси менен айырмаланат? Алардын ою эмне үчүн жакшы деп ойлойсуң? (Накыл сөздөр 11:14).

[13-беттеги кутучалар/сүрөттөр]

СЕН КУРАКТУУ ЖАШТАРДЫН ОЮ

Дайыма эле бир адам менен убакыт өткөрө берсең, ага сезимиң өрчүп кетиши мүмкүн (Жошуа).

Жөн эле доспуз деп коюп, бирок бош убакытыңарды дайыма чогуу өткөрсөңөр, анда бириңердин же экөөңөрдүн тең сезимиңер өрчүп кетет (Наташа).

Башында кимдир бирөө менен жөн эле дос болуп жүрүп, бирок чогуу көп убакыт өткөрсөңөр, бири-бириңерге болгон сезимиңер ойгонуп кетиши мүмкүн. Карама-каршы жыныстагы адам менен жөн эле дос болуп жүрө аласың, бирок ал үчүн жетилген, кыраакы адам болушуң керек (Келси).

[12-беттеги сүрөт]

Турмуш курганга даяр болбой туруп эле кимдир бирөө менен ынак мамиле өрчүтсөң, арты кесепеттүү болушу мүмкүн